Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы №226 Жарлыгына ылайык “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштетүү жөнүндө” кадрлар резервине талапкерлерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт.
Конкурс төмөнкү кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн өткөрүлөт:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары (акимдер) жана алардын орун басарлары;
- республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарлары;
- облустук маанидеги шаарлардын мэрлери жана алардын орун басарлары;
- райондук маанидеги шаарлардын мэрлери жана алардын орун басарлары;
- айыл өкмөт башчылары.
📅 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү
2025-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин
Иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
Документтер электрондук форматта кабыл алынат.
Конкурстун этаптары
Конкурс үч этапта өткөрүлөт:
1-этап
Талапкерлердин документтерин квалификациялык талаптарга ылайык текшерүү:
- эмгек стажы;
- билими;
- ишмердүүлүк профили.
2-этап
Компьютердик тестирлөө.
3-этап
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.
Квалификациялык талаптар
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта кеминде 7 жыл эмгек стажы, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес;
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы кеминде 10 жыл;
же - мамлекеттик же муниципалдык кызматка байланышпаган тармактарда жетекчилик кызматта кеминде 7 жыл иш тажрыйбасы.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта кеминде 5 жыл иш стажы, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес;
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы кеминде 7 жыл;
же - башка тармактарда жетекчилик кызматта кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы.
Республикалык маанидеги шаар мэринин орун басары кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы кеминде 5 жыл;
же - тиешелүү кесиптик тармакта кеминде 7 жыл иш тажрыйбасы.
Облустук маанидеги шаар мэри кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта кеминде 7 жыл иш стажы, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес;
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы кеминде 10 жыл;
же - башка тармактарда жетекчилик кызматта кеминде 7 жыл иш тажрыйбасы.
Облустук маанидеги шаар мэринин орун басары кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы кеминде 3 жыл;
же - тиешелүү кесиптик тармакта кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы.
Райондук маанидеги шаар мэри кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта кеминде 5 жыл иш стажы, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес;
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы кеминде 7 жыл;
же - башка тармактарда жетекчилик кызматта кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы.
Райондук маанидеги шаар мэринин орун басары кызматы үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы кеминде 3 жыл;
же - тиешелүү кесиптик тармакта кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы.
Айыл өкмөт башчысы кызматы үчүн:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта кеминде 5 жыл иш стажы, анын ичинде 3 жыл жетекчилик кызматта;
же - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы кеминде 7 жыл;
же - башка тармактарда жетекчилик кызматта кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы.
Конкурска катышуу тартиби
Конкурска катышууну каалаган жарандар тиешелүү мамлекеттик портал аркылуу жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз беришет.
Конкурстун катышуучусу оферта келишиминде жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдугун берет.
Зарыл документтер (электрондук форматта)
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- жогорку билими тууралуу документ;
- эмгек китепчеси;
- илимий даража жана илимий наам тууралуу документтер (бар болсо);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендигин тастыктаган сертификат;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме.
📌 Документтерди кабыл алуу:
2025-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин
Иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
☎ Кошумча маалымат:
Тел.: (0312) 62-04-12
Тел.: (0312) 66-01-49