Жекенди айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнө, ата-энелерге жана мугалимдерге ЭСКЕРТҮҮ

60c8fd69a5189898659658 Zlhyeqr

Жекенди айыл өкмөтү “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында төмөнкү аракеттерге жол берилбестигин эскертет:

  • бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден ар кандай максатта акча каражаттарын чогултууга;
  • кымбат баалуу эс алуу жана көңүл ачуу иш-чараларын уюштурууга;
  • автоунаалар менен кортеж уюштуруп жүрүүгө;
  • коомдук тартипти бузууга жана окуучулардын коопсуздугуна коркунуч жараткан аракеттерге.

“Акыркы коңгуроо” майрамы жөнөкөй, маданияттуу жана коопсуз өткөрүлүшү зарыл экендигин эске салабыз.

Урматтуу ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер!
Балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, мыйзам талаптарын сактоо менен жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген