ЧОҢ-АЛАЙДА НООРУЗ: КАШКА-СУУДАН КАРА-ТЕЙИТКЕ ЧЕЙИНКИ САЛТАНАТ!

653808992 1642072026798108 3464708852990958405 n

Жер ортосу толуп, күн менен түн теңелген, табият жаңырып, жер бетине жашыл шибер төшөлгөн ыйык Нооруз майрамы быйыл Чоң-Алай районунда өзгөчө шаң менен белгиленди. Майрамдык салтанаттын эстафетасы район борбору — Дароот-Коргон айылынан башталып, андан ары Чоң-Алай районунун айыл өкмөттөрүндө улантылды.

Майрамдын ачылышы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылында Кызыл-Эшме айылы тарабынан даярдалган өзгөчө “Кыргыз көчү” менен башталды. Төөлөргө жүктөлгөн куржундар, улуттук кийимчен апалар жана ат үстүндөгү жигиттер байыркы кыргыз элинин турмушун чагылдырды.

Түнү бою кайнатылган, токчулуктун жана биримдиктин символу болгон сүмөлөк ачылып, элге таратылды. Очок башында ысык боорсоктор бышырылып, айыл ичи май жыттанып, берекеге бөлөндү.

Нооруз майрамында улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, жергиликтүү уз-чеберлердин колунан жаралган шырдактар, ала кийиздер жана боз үй жасалгалары эл назарына сунушталды. Ошондой эле кыргыз элинин унутулуп бара жаткан каада-салттары сахналаштырылып, жаш муундарга тарбиялык мааниде көрсөтүлдү.

Майрамдык салтанатты Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими М. Шамырканов ачып, жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө жаңы жыл райондун өнүгүүсүнө, элдин ынтымагына жана ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосуна өбөлгө болуусун каалады.

Андан соң райондук маданият бөлүмүнүн концерттик программасы, улуттук ыр-бийлер жана кыз-жигиттердин сармерден оюндары менен коштолду.

Майрамдык эстафета Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Тейит айылында уланды. Чек арага жакын жайгашкан айылда элдин ынтымагы, биримдиги жана улуттук баалуулуктар дагы бир жолу даңазаланды.

Мындан ары салтанат Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Ачык-Суу айылында өтүп, тоо койнунда улуттук оюндар, спорттук мелдештер жана шайыр апалардын ыр-күүлөрү менен уланды.

Нооруз — бул жөн гана майрам эмес. Бул — тазалануунун, кечиримдүүлүктүн, ынтымактын жана келечекке болгон үмүттүн символу.

Жаз майрамы ар бир үйгө кут-береке, тынчтык жана бакыт алып келсин!
Чоң-Алайдын тоосундай бийик, суусундай таза өмүр каалайбыз!

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген