2026-жылдын 4-апрелинде Ош шаарында Казакстан мамлекетинин “BI STYLE” өнөр байкоо компаниясы тарабынан уюштурулган эл аралык сынак болуп өттү. Аталган сынакка Кыргызстандын жети дубанынан келген таланттуу окуучулар катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын арасында тоолуу Чоң-Алай районунун таланттуу окуучулары да ийгиликтүү катышышты.
Сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар жагымдуу маанай жана чоң шыктануу менен өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Калыстар тобунун адилеттүү баалоосунун негизинде Чоң-Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун жана Ак-Суу жалпы билим берүү мектебинин “Театр-форум” студиясынын окуучулары бир катар байгелүү орундарды багындырышты.
🎭 Дадабаева Акгүл “Жер-Эненин ыйы” аттуу монологду жогорку чеберчилик менен аткарып, чыгарманын автору — Мамаражапова Марзихан Курсановна болуп, Баш байгеге ээ болду.
🎭 Закирова Жанара актёрдук чеберчилик боюнча “Ак илбирстин арманы” монологун мыкты деңгээлде аткарып, чыгарманын автору — Мамаражапова Марзихан Курсановна болуп, Баш байгени жеңип алды.
💃 “Театр-форум” студиясынын алдында түзүлгөн “Азем” бийчилер тобу казак бийин аткарып, II орунга татыктуу болду.
🎤 Таланттуу окуучу Дүйшөбаева Курманжан Датка “Кыргыз жери” чыгармасын таасирдүү аткарып, Баш байгеге ээ болду.
Албетте, окуучулардын жетишкен ийгиликтеринин артында алардын устаттарынын эмгеги зор. Окуучулардын билимине, өнөрүнө жана инсандык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келе жаткан мыкты педагогдордун бири — Марзихан эжеке. Анын ар бир аракети окуучулардын келечегине багытталып, жаш таланттардын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүп келет.
Марзихан эженин окуучулары райондук, облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги сынактарда ийгиликтерди жаратып, ар дайым байгелүү орундарды багындырып келишет. Ал кайсы мектепте эмгектенбесин, ошол жердеги окуучуларды лидерликке, чыгармачылыкка жана мекенчилдикке тарбиялап келет.
Ошондой эле ушул ийгиликтүү жолду улап, Н.Кармышев атындагы орто мектебинин музыка мугалими Айнура Жаңыбай кызы дагы аталган сынакта жогорку жетишкендиктерге ээ болду.
Ийгилигиңиздер кут болсун, урматтуу келечек ээлери!
Максаты тоодой бийик, тилеги аппак кардай таза болгон жаш таланттарга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
Таланттуу окуучуларга моралдык жана каржылык колдоо көрсөткөн Жекенди айыл аймагынын башчысы Замирбек Исмаилов терең ыраазычылык билдиребиз.
Жаңы баштаган ишиңизге ийгиликтерди каалап, эл үчүн кылган эмгегиңизге алкыш айтабыз.


