Жекенди айыл өкмөтү тарабынан Шибээ айылындагы таза суу курулуш долбоору ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты — айыл тургундарын таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жашоо шарттарын жакшыртуу жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.
Долбоор тууралуу маалымат
- Долбоордун аталышы: Шибээ айылындагы таза суу курулушу
- Жайгашкан жери: Шибээ айылы, Жекенди айыл өкмөтү
- Подрядчы уюм: Гигант Строй жоопкерчилиги чектелген коому
- Башталган жылы: 2023-жыл
- Каржылоо булагы: Республикалык бюджет
- Долбоордун суммасы: 72 000 000 сом
- Тиешелүү мекеме: Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы
- Аткаруу абалы: 95% жумуштар бүткөрүлгөн
- Пландалган мөөнөтү: 2025-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда
Учурда курулуш иштери активдүү жүрүп, долбоор аяктагандан кийин Шибээ айылынын тургундары туруктуу таза суу менен камсыз болот.