Кара-Мык айылындагы Маданият үйүнүн курулушу башталды

Img 70709 29264 768x403

Жекенди айыл өкмөтү тарабынан Кара-Мык айылындагы жаңы Маданият үйүнүн курулушу жүргүзүлүүдө. Бул долбоор айыл тургундары үчүн маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү, улуттук маданиятты өнүктүрүү жана жаштардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо максатында ишке ашырылып жатат.

Жаңы маданият үйү келечекте айыл элинин башын бириктирген негизги маданий борборлордун бири болуп, ар кандай концерттерди, майрамдык иш-чараларды, жыйындарды жана жаштар үчүн чыгармачылык кружокторду өткөрүүгө шарт түзөт.

Долбоор тууралуу маалымат

  • Долбоордун аталышы: Кара-Мык айылындагы Маданият үйүнүн курулушу
  • Жайгашкан жери: Кара-Мык айылы, Жекенди айыл өкмөтү
  • Подрядчы уюм: Сириус Строй ОсОО
  • Башталган жылы: 2025-жыл
  • Каржылоо булагы: Өнүктүрүү фонду
  • Сметалык баасы: 31 026 200 сом
  • Тендерден уткан баасы: 28 182 374 сом
  • Учурдагы абалы: Фундаменти бүткөрүлүп, каркасынын фундаментин куюу иштери жүрүүдө
  • Пландалган мөөнөтү: 2026-жылы пайдаланууга берүү пландалууда

Курулуш иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп жатат. Долбоор аяктагандан кийин Кара-Мык айылынын тургундары үчүн заманбап шарттагы маданият үйү пайдаланууга берилет.

Бул долбоор аймактагы маданий инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, жаш муундардын маданий жана руханий өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген