Жекенди айыл өкмөтү “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында төмөнкү аракеттерге жол берилбестигин эскертет:
- бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден ар кандай максатта акча каражаттарын чогултууга;
- кымбат баалуу эс алуу жана көңүл ачуу иш-чараларын уюштурууга;
- автоунаалар менен кортеж уюштуруп жүрүүгө;
- коомдук тартипти бузууга жана окуучулардын коопсуздугуна коркунуч жараткан аракеттерге.
“Акыркы коңгуроо” майрамы жөнөкөй, маданияттуу жана коопсуз өткөрүлүшү зарыл экендигин эске салабыз.
Урматтуу ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер!
Балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, мыйзам талаптарын сактоо менен жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз.