1.Жекенди айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин, оорууканалардын жана ФАПтардын 2023-2024-жылдардагы кышка карата даярдыгын жана 2023-жылдагы аткарган иштери канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Жекенди айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин, оорууканалардын жана ФАПтардын аткарган иштериндеги кээ бир кетирилген кемчиликтерди жолго коюу жагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине (А.Кожобековго, К.Апсатаровго, Ж.Калыковго, Ж.Маатовго, Н.Рашитовго, У.Жайлообай кызына, М.Жоробаевага, Д.Абыт кызына, Н.Асановага, Н.Ташматовага), башкы дарыгерлер А.Азимбаевге, А.Самиевге жана ФАП тын медайымдары Ы.Осбаевага, Г.Асаевага, Б.Ысмановага милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Султанова Жайнага тапшырылсын.
1.Жекенди айылдык аймагындагы жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүүдө Жекенди айыл өкмөтүнүн аткарылгын иштерин канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Жекенди айылдык аймагындагы жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүүдө кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы Жекенди айыл өкмөтүнун башчысы Б.Нышанбаевге жана социалдык маселелер боюнча башкы адис Р.Токтоматовго милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Султанова Жайнага тапшырылсын.
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдардагы физикалык жактарга таштанды салыгын 2024-жыл үчүн 80 (сексен) сомдон, ал эми юридикалык жатарга 100 (жүз) сом болуп бекитилсин.
2.Таштанды салыгын физикалык жана юридикалык жактарга 2024-жылдын 1-майына чейин отчеттун берүү жана төлөмүн жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төлөөлөрү белгиленсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллаго жүктөлсүн.
1. Жекенди айылдык аймагында 2023-жыл ичинде билим берүү тармагында жаш муундарга таалим тарбия берүүдө өзгөчө чыгармачылык менен изденип иштегендиги жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн төмөндөгү атуулдар сыйлансын:
1.Азимов Рахматилла Бердибаевич -Ак-Суу орто мектебинин технология
мугалими
2.Турдукулова Гулсана Жунусалиевна -Ленин а.о.мектебинин башталгыч класстар
мугалими
3.Эшимбет кызы Бузейнеп -Кыргызстан орто мектебинин башталгыч
класстар мугалими
4.Жаанбай кызы Сезим -С.Осмонов а.о.мектебинин англис тил
мугалими
5.Мурзабекова Жийдегүл -Ташбек уулу Гапар а.о.мектебинин
ашпозчусу
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Султанова Жайнага тапшырылсын.
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин № 01-19/16 11.12 2023-жылдагы Жекенди айылдык аймагына караштуу “Чек” участкасынан № 1767 контурунан 17,7 га “таза жайыт” жана “Жекенди талаасы” участкасынан № 1956 контурнан 20,0 га “таштуу жайыт” жерлерини, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясында турган жалпы 37,7 га жайыт жер аянтын “Калктуу конуш (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.