Негизги бет - 2024-02-22 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин, оорууканалардын жана ФАП дын 2023-2024- жылдардагы кышка карата даярдыгын жана 2023-жылдагы аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын

16.11.2023-жыл
Т О К Т О М У № 46

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин, оорууканалардын жана ФАП дын 2023-2024- жылдардагы кышка карата даярдыгын жана 2023-жылдагы аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин, оорууканалардын жана ФАПтардын 2023-2024-жылдардагы кышка карата даярдыгын жана 2023-жылдагы аткарып жаткан иштерин угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
токтом кылат:

           1.Жекенди айылдык аймагына караштуу билим берүү  мекемелеринин,   оорууканалардын жана ФАПтардын  2023-2024-жылдардагы кышка карата даярдыгын жана  2023-жылдагы  аткарган иштери  канаатандырарлык деп белгиленсин.

            2. Жекенди айылдык аймагына караштуу билим берүү  мекемелеринин,   оорууканалардын жана ФАПтардын аткарган иштериндеги кээ бир кетирилген кемчиликтерди жолго коюу жагы  билим берүү мекемелеринин жетекчилерине (А.Кожобековго, К.Апсатаровго, Ж.Калыковго, Ж.Маатовго, Н.Рашитовго,  У.Жайлообай кызына, М.Жоробаевага, Д.Абыт кызына, Н.Асановага, Н.Ташматовага),  башкы дарыгерлер  А.Азимбаевге, А.Самиевге  жана ФАП тын медайымдары Ы.Осбаевага, Г.Асаевага,  Б.Ысмановага  милдеттендирилсин  

            3.Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрайымы  Султанова  Жайнага   тапшырылсын. 

Төрага:    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагындагы жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүүдө аткарылгын иштер жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын

16.11.2023-жыл
Т О К Т О М У № 47

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүүдө аткарылгын иштер жөнүндө
Жекенди айылдык аймагындагы жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүүдө Жекенди айыл өкмөтүнүн аткарылгын иштерин угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
токтом кылат:

           1.Жекенди айылдык аймагындагы  жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө  социалдык жактан жардам көрсөтүүдө Жекенди айыл өкмөтүнүн аткарылгын иштерин канаатандырарлык деп белгиленсин.

            2. Жекенди айылдык аймагындагы  жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө  социалдык жактан жардам көрсөтүүдө кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы Жекенди айыл өкмөтүнун башчысы Б.Нышанбаевге  жана социалдык маселелер боюнча башкы адис Р.Токтоматовго    милдеттендирилсин  

            3.Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрайымы  Султанова  Жайнага   тапшырылсын.           

 

Төрага:    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагындагы Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын

16.11.2023-жыл
Т О К Т О М У № 48

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагындагы жайыт комитетинин аткарып жаткан иштерин угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагындагы жайыт комитетинин аткарып жаткан канаатандырарлык деп белгиленсин.
  2. Жекенди айылдык аймагындагы жайыт комитетинин кетирген кемчиликтерин жоюу жагы Жекенди айыл өкмөтүнун башчысы Б.Нышанбаевге  жана  жайыт комитетинин төрагасы  Аттокур уулу Мамбетке   милдеттендирилсин.  
  3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрайымы  Султанова  Жайнага   тапшырылсын.           

 

Төрага:    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагында өз ара салыгын көтөрүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын

22.12.2023-жыл
Т О К Т О М У № 49

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында өз ара салыгын көтөрүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 15.12.2023-жылдагы Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер Кодексинин 74-75-76- беренелерине ылайык Жекенди айыл аймагындагы калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгуу үчүн өз ара (таштанды) салыгын бекитип берүү жөнүндөгү № 01-19/658 сандуу катын угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кенеши
токтом кылат:

            1. Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдардагы  физикалык жактарга таштанды  салыгын      2024-жыл үчүн  80 (сексен)   сомдон,  ал эми  юридикалык жатарга  100 (жүз) сом болуп  бекитилсин.

           2.Таштанды салыгын физикалык жана юридикалык жактарга 2024-жылдын              1-майына  чейин отчеттун берүү жана төлөмүн  жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен  төлөөлөрү  белгиленсин

           3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана  бюджет боюнча  комиссиясынын  төрагасы   Мурзапар уулу  Назириллаго жүктөлсүн.

 

Төрага:    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагында эмгектин алдыңкыларын сыйлоо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын

28.12.2023-жыл
Т О К Т О М У № 50

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында эмгектин алдыңкыларын сыйлоо жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
токтом кылат:

1. Жекенди айылдык  аймагында 2023-жыл ичинде   билим берүү тармагында жаш муундарга таалим тарбия берүүдө өзгөчө чыгармачылык менен изденип иштегендиги жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн  төмөндөгү  атуулдар сыйлансын:

1.Азимов  Рахматилла Бердибаевич                     -Ак-Суу орто мектебинин технология   

                                                                                    мугалими

2.Турдукулова Гулсана Жунусалиевна               -Ленин а.о.мектебинин башталгыч класстар

                                                                                    мугалими

3.Эшимбет  кызы Бузейнеп                                    -Кыргызстан орто мектебинин башталгыч 

                                                                                   класстар мугалими

4.Жаанбай кызы Сезим                                           -С.Осмонов а.о.мектебинин англис тил

                                                                                   мугалими

5.Мурзабекова Жийдегүл                                       -Ташбек уулу Гапар а.о.мектебинин

                                                                                   ашпозчусу

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрайымы  Султанова  Жайнага   тапшырылсын.           

 

Төрага:    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын

28.12.2023-жыл
Т О К Т О М У № 51

Кара-Мык айылы
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин № 01-19/16 11.12 2023-жылдагы Жекенди айылдык аймагына караштуу “Чек” участкасынан № 1767 контурунан 17,7 га “таза жайыт” жана “Жекенди талаасы” участкасынан № 1956 контурнан 20,0 га “таштуу жайыт” жерлерини, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясында турган жалпы 37,7 га жайыт жер аянтын “Калктуу конуш (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
токтом кылат:

             1.Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин № 01-19/16 11.12 2023-жылдагы   Жекенди айылдык аймагына караштуу  “Чек”  участкасынан  № 1767  контурунан 17,7  га  “таза жайыт”  жана  “Жекенди талаасы”  участкасынан  № 1956 контурнан 20,0 га   “таштуу жайыт”  жерлерини,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-мартындагы  Жер участогун которуу  (трансформациялоо)  тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү  тууралуу  токтомуна ылайык,  “Айыл чарба багытындагы жерлер”  категориясында  турган жалпы  37,7  га жайыт  жер аянтын  “Калктуу конуш  (шаар тибиндеги  поселоктордун жана айылдык  калктуу конуштардын)  жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук  берүү  жөнүндөгү сунушу  жактырылсын.

             2.Тийиштүү документтерди  бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

             3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

Төрага:    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын

28.12.2023-жыл
Т О К Т О М У № 52

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
токтом кылат:

  1. Жекенди  айылдык аймагынын  2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгү 39 013 122 сомго,  бюджеттин чыгаша  бөлүгү 40 180 149  сомго     аткарылгандыгы  жактырылсын.
  2. Жекенди  айылдык аймагынын  2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин  чыгаша  бөлүкөрүнүн  аткарылгандыгын бекитүү жана   жактыруу менен бирге  айылдык аймактын башчысы  Б.Нышанбаевдин 2023-жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча доклады  канаатандырарлык деп табылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  өнөр-жай, курулуш, транспорт,  соодо  байланыш,  инвестиция, энергетика  маселелери  жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясына   милдеттендирилип, аткаруу  жагы айылдык аймактын башчысы Б.Нышанбаевге жана  финансы-экономика бөлүмүнүн   башчысы  С.Маматовго жүктөлсүн.

 

Төрага:    А. Абдукалилов