Главная - Принятые постановления на дату 2025-09-17
Жекенди айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын


28-июль 2025-жыл. №34
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
токтом кылат:

1.Жекенди айыл  өкмөтүнүн  2025-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы   18687,3 сом, аткарылганы   19370,5 мин   сом же  103,7 %,  бюджеттин  чыгаша бөлүгүнүн планы 16274,8 миң сом аткарылганы  16165,1 мин сом   миң сомго же  99 % аткарылгандыгы жактырылсын.

    2.Жекенди айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айыл өкмөттүн башчысы  Т.Жайчибековдун  аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.

           3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  А.Амирбековго тапшырылсын,   аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Жайчибековго  жана  ФЭБ нүн  башчысы  С.Маматовго  милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагында калктуу конуштарды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу иштерин кароо жөнүндө.

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын


28-июль 2025-жыл. №35
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында калктуу конуштарды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу иштерин кароо жөнүндө.
токтом кылат:

1.Жекенди айыл  өкмөтүнүн  2025-жыл ичинде ичүүчү таза суунун элге толук жеткирүү үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү белгиленсин.

 

    2.Жекенди айыл аймагында элге таза сууну толук кандуу жеткирүү жагы  “Береке” муниципалдык ишканасынын жетекчиси  Аттокур уулу Мамбетке  милдеттендирилсин..

 

           3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  А.Амирбековго,  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Жайчибековго  жана  ФЭБ нүн  башчысы  С.Маматовго  милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды жана спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу жөнүндө.

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын


28-июль 2025-жыл. №36
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды жана спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу жөнүндө.
токтом кылат:

1.Жекенди айыл  өкмөтүнүн  2025-жыл  ичинде дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды жана спорттук курулмалардын иштеши боюнча  көзөмөл иштери канаатандырарлык экени белгиленсин.

          2. Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү  жана спорттук курулмалардын иштөө шарттарын жакшыртуу, айылдарда спорттук курулмаларды курууну уюштуруу  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.

           3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрагасы Бакыбекова Бүсанамга тапшырылсын.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагында 2025-жыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу иштеринин аткарлышы жөнүндө.

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын


28-июль 2025-жыл. №37
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында 2025-жыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу иштеринин аткарлышы жөнүндө.
токтом кылат:

1.Жекенди айыл  өкмөтүнүн  2025-жыл  ичинде Жекенди айылдык аймагында 2025-жылы аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу иштеринин аткарлышы  канаатандырарлык экендиги белгиленсин.

          2. Жекенди айылдык аймагын     социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.Жайчибековго жана социалдык маселелер боюнча башкы адис  Р.Токтоматовго  милдеттендирилсин.

           3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрагасы Бакыбекова Бүсанамга тапшырылсын.

 

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен эконом болгон акча каражатын жылдыруу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын


28-июль 2025-жыл. №38
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен эконом болгон акча каражатын жылдыруу жөнүндө
токтом кылат:

1.Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен эконом болгон акча каражатын жылдыруу жөнүндө.

 

2.Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү  1 тиркемеге ылайык  өзгөртүү киргизилсин.

 

    3.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.

 

    4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А.Амирбековго жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

       

БЕКИТЕМ

 
       

Жекенди айылдык кенешинин төрагасы

 
       

 

Мурзапар уулу Н.

 
           
           
 

Жекенди айылдык кенешинин сегизинчи  чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын № 38 токтомунун тиркемеси

 
   
           

Мекеменин аталышы

эмне үчүн

статьясы

суммасы

 

 

Жалпы

 

 

0

 

1

мектеп

Оңдоо иштерине

2221

95000

 

2

мектеп

Көмүр сатып алууга

2224

-195000

 

 

Жалпы

 

-100000

 

 

Аппарат

   

1

Аппарат

Көмүр сатып алууга

2224

-32500

 

2

Аппарат

 Сапар чыгымы

2211

82500

 

3

Аппарат

Эмгек акы

2111

-140000

 

4

Аппарат

соцфонд

2121

-22000

 

5

Аппарат

 Ар түрдүү чыгымдар

2215

20000

 

 

Жалпы

 

-92000

 

 1

 Ар түрдүү иш-чаралар

Майрамдар үчүн

2215

50000

 

 

Жалпы

 

 

50000

 

 

ЖКХ

 

 

 

1

ЖКХ

Чарбалык бумдар

2222

70000

 

2

ЖКХ

Ар түрдүү кызматтар

2215

42000

 

 

Жалпы

 

112000

 
   

Балдар бакчасы

     

1

 Балдар бакчасы

Оңдоо иштерине

2221

30000

 

 

Жалпы

 

30000

 

 

 

Баары

 

0

           
           
           
 

Жекенди айыл  өкмөтүнүн  башчысы:

 

Б.Нышанбаев

 
           
 

Башкы бухгалтери:

 

С.Маматов

 

 

 

Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын


28-июль 2025-жыл. №39
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.
Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Садыбакасовдун, Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап. токтом кылат:

          1. Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнө  зор  салымын  кошкондугу үчүн   төмөндөгү атуулдарга Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу  атуулу”  наамы  берилсин.

1.Амирбеков  Акматали  Жапарович                   -Жекенди айылдык кеңешинин депутаты

2. Мурзакулова  Гүлмира  Абдимиталиповна    -Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу          

                                                                                  катчысы

         2. Жекенди айылдык аймагынын   “Ардактуу  атуулу”   төш  белгисин жана  лентасын даярдоо  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Жайчибековго  милдеттендирилсин.

         3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы   У. Садыбакасовго  тапшырылсын. 

 

 

 

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Чоң-Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө.

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын


28-июль 2025-жыл. №40
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Чоң-Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө.
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Ош Мамлекеттик Университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке жана “Тилек Баатыр” атындагы Кара-Мык чек ара заставасынын башчысы Алайдинов Улукбек Алайдиновичке Чоң-Алай районун “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.Чоң-Алай районунун    социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнө  зор  салымын  кошкондугу үчүн  Ош Мамлекеттик Университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке  жана “Тилек Баатыр” атындагы Кара-Мык чек ара заставасынын башчысы  Алайдинов Улукбек Алайдиновичке     Чоң-Алай районун “Ардактуу  атуулу”  наамы   берүү  Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан  суралсын.

        2.Тийиштүү документтерин бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жүктөлсүн.

         3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы   У. Садыбакасовго  тапшырылсын. 

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагынын 2025-2030-жылдарга өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын


28-июль 2025-жыл. №41
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын 2025-2030-жылдарга өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
токтом кылат:

1.Жекенди  айылдык аймагынын   жаңы иштелип чыккан  2025-2030-жылдарга толукталып  иштелип чыккан   өнүгүү  планы  алымча-кошумчасы  менен   бекитилсин.

          2.Жекенди   айылдык  аймагынын  социалдык-экономикалык  өнүгүүсүн   жана  айылдардын инфраструктурасын жогорулатуу,  калктын  турмуш тиричилик  абалын  жакшыртуу   максатында   иштелип чыккан өнүгүү  планынын аткарылышын ишке  ашыруу   жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн   башчысы  Т.Жайчибековго  жана  аппарат  кызматкерлерине   милдеттендирилсин.

          3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай  курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана  бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы   А.Амирбековго жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу