Главная - Принятые постановления на дату 2025-08-08
Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын


29-январь 2025-жыл. №12
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Жалгыз-Күңгөй участкасынан 5,0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Күнгөй участкасынан   5,0 га  жер  аянтын,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу  (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү  тууралуу токтомуна ылайык,  “Айыл  чарба багытындагы жерлер” категориясынын    “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н.Мурзапар уулу

Жекенди айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен бекитилген жарандардын жер участокторунун аянттарын өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын


29-январь 2025-жыл. №13
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен бекитилген жарандардын жер участокторунун аянттарын өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  1.  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Жобонун 18-пунктуна ылайык, Чоң-Алай  райондук  мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 30-майындагы  № 01-12/49 токтому менен “Калктуу конуштун жерлери категориясына”  которулган Жекенди айыл аймагындагы 2004-жылы системалык каттоодон өтүп калган жарандардын жер участокторунун аянттары өзгөртүүсүз  калтырылсын.
  2. Тийиштүү  юридикалык  документтерди даярдоо жагы райондук жер комиссиясынан, кадастр мекемесинен жана райондук шаар куруу жана  архитектура башкармалыгынан   суралсын.
  3. Токтомду аткаруу жагы   Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдагы турак-жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясынын


27-февраль 2025-жыл. №14
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдагы турак-жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президетинин Администрациясынын 2025-жылдын 17-февралындагы № 9858 сандуу турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү тапшырмасын Жекенди айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 1-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турак имараттары жана жайлары үчүн  ставкалардын өлчөмү, тактап айтканда жашоо аянты 330 чарчы метрден ашкан 1 чарчы метр үчүн 10 сомдон болуп бекитилсин.
  2.  Жекенди айылдык аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга жогоруда белгиленген сумма боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагыт  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.Жайчибековго жана айыл өкмөттүн санариптештирүү, IT технологиялар жана кирешелер боюнча жетектөөчү адиси  Т.Кожобековго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет,  Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инветиция,энергетика маселелери   боюнча комиссиясынын  төрагасы Амирбеков Акматалига жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун иш регламентин бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясынын


27-февраль 2025-жыл. №15
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун иш регламентин бекитүү жөнүндө
Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 26.12.2024-жылдагы № 01-13/791 сандуу катынын негизинде Жекенди айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, депутаттардын Жекенди айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кабыл алынган токтомду Жекенди айыл өкмөтүнүн  сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө депутаттардын Жекенди кеңешинин жооптуу катчысына (Г.Мурзакуловага) милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышына козомолдyк кылуу мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын  тапшырылсын.  

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясынын


27-февраль 2025-жыл. №16
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1467 контурундагы 2.50 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун № 01-2/ 1507 20.12.2024-жылдагы, № 1467 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу № 1467 контурундагы  2,50 га  жайыт  жер аянтын    Кыргыз  Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 4-ноябрындагы  № 665  Жер участогун которуу  (трансформациялоо)  тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү  тууралуу  токтомуна ылайык,  “Айыл  чарба багытындагы жерлер”  категориясынын   жайыт  түрүнөн   “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын резервин түзүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


21-март 2025-жыл. №17
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын резервин түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын резервин түзүү максатында, токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагындагы участкалык  шайлоо комиссиясынын курамынын резервине жаматтардан сунушталган  атуулдар  № 1-тиркемеге ылыйк бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Токтомду бекитип берүү жагы  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Чоң-Алай аймактык  шайлоо комиссиясынан суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы   У. Садыбакасовго  тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

№ 5531 Чулук шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси (2025-жыл)

ФИО

Туулган жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Сайпидинов Улукбек Ырысбаевич

31.10.1988

Жогорку

Мугалим

Чулук айылы

777636323

Мектеп жамааты

2

Кудиретилла уулу Нуридин

07.07.1990

Жогорку

Мугалим

Чулук айылы

709023152

Жаңы-Шаар көч-н жарандары

3

Нурмахамад уулу Шерали

12.09.1996

Жогорку

Иштебейт

Чулук айылы

222352222

Жогорку-Мечит көч-н жарандары

4

Рахматулла уулу Динмухамбетали

06.08.1990

Жогорку

Мугалим

Чулук айылы

770959090

Мектеп жамааты

5

Абдижалил уулу Тилекбай

13.05.2002

Бакалавр

Мугалим

Чулук айылы

772615794

Жогорку-Мечит көч-н жарандары

6

Жаанбай кызы Сезим

01.12.2002

А/орто

Мугалим

Чулук айылы

500024429

Мектеп жамааты

7

Бакыбеков Төрөбай Жунусович

10.04.1985

Жогорку

Мугалим

Чулук айылы

771262491

Мектеп жамааты

8

Асанова Нургүл Максаткуловна

16.01.1989

Жогорку

Тарбиячы

Чулук айылы

706994237

Чулук МЧБББУ жамааты

9

Жунусова Айпери Кыясовна

01.05.1998

А/орто

Тарбиячы

Чулук айылы

220989854

Чулук МЧБББУ жамааты

10

Кадырбердиев Мамасали Тилебалдыевич

20.07.1975

Орто

Иштебейт

Чулук айылы

508220875

Дөң-Капа көч-н жарандары

11

Жусубалиев Өмүрзак Исматиллаевич

14.06.1999

А/орто

Тех.кызматкери

Чулук айылы

775061499

Чулук көч-н жарандары

12

Маатов Абдилаким Мажитович

05.07.1968

Орто

Иштебейт

Чулук айылы

504050768

Чулук көч-н жарандары

13

Касымов Сайрахман Алижанович

16.11.1980

Орто

Иштебейт

Чулук айылы

773918580

Дөң-Капа көч-н жарандары

14

Сапарали кызы Каныкей

11.01.1995

Бакалавр

Мугалим

Чулук айылы

707050965

Аялдар кеңеши тарабынан

15

Осмонов Нургазы Абдималикович

18.08.1987

Орто

Тех.кызматкери

Чулук айылы

776870100

Чулук МЧБББУ жамааты

16

Исаева Айнагүл Болотбековна

19.07.1984

Жогорку

Мугалим

Чулук айылы

504637979

Мектеп жамааты

17

Мамасали кызы Айжаркын

03.08.1996

А/орто

Тарбиячы

Чулук айылы

508042196

Чулук МЧБББУ жамааты

18

Абдикаримова Сайкал Жусупбековна

12.10.1998

Бакалавр

Мугалим

Чулук айылы

776192123

Мектеп жамааты

 

   № 5154 Кара-Мык  шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясына  көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси (2025-жыл)

 

ФИО

Туулган жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Топчубаев Аскатбек Топчубаевич

05.04.1990

жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

773878688

Жогорку мечит мааласи

2

Абдыкалык улу Айтбай

01.01.2002

жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

552464249

Ак-Чубак мааласи

3

Акылбеков Кыялбек Кудайбердиевич

11.06.1989

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

771710807

Ак-Чубак мааласи

4

Алидин уулу Илияз

12.06.1996

жогорку

иштебейт

Кара-Мык  айылы

777439310

Жаң-Шаар мааласи

5

Амитов Сагындык Абдилайович

19.05.1978

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

776381878

Ак-Тилек жамааты

6

Апсатаров Абдиназар Мурзакаримович 

16.03.1995

жогорку

иштебейт

Кара-Мык  айылы

779675539

Ак-Тилек мааласи

7

Апсатаров Каримкул Айылчыевич

23.12.1987

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

774346389

Айдеке мааласи

8

Генжебек к Айзада

15.04.1999

Орто

Катчы

Кара-Мык  айылы

779075767

Кара-Шралжин мааласи

9

Жээнтай кызы Бээгайым

27.01.1993

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

777099300

Жогорку-Мечит

10

Илязова Айнагүл Бакировна

01.11.1972

Ат. Орто

Иштебейт

Кара-Мык  айылы

771813694

Жаң-Шаар

11

Имаров Нурлан Разыкович

15.12.1994

жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

772499494

Жогорку Мечит

12

Калилов  Тилек Асрадинович

11.10.1988

жогорку

иштебейт

Кара-Мык  айылы

220824848

Жаштар

13

Кожокматова Гүлайым Абибакасовна

28.01.1976

жогорку

Иштебейт

Кара-Мык  айылы

553439310

Аялдар жамааты

14

Кудайбергенова Айгүл Жакыповна

26.01.1986

Ат.орто

Мугалим

Кара-Мык  айылы

773888986

Арал-Капа мааласи

15

Ниязбек к Айжамал

01.01.1992

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

557746404

Ак-Тилек жамааты

16

Сайфидинов Бегали Сайфиндинович

01.03.1972

Жогорку

Медик

Кара-Мык  айылы

776060972

Оорукана жамааты

17

Таштанбекова Насипгүл Талиповна

08.12.1971

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

778925606

Мугалимдер

18

Шакирова Мөөркан Алидиновна 

12.11.1987

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

222871010

Жогорку Мечмт

19

Шамшиев Абылбек Баридинович

01.18.1987

Жогорку

Иштебейт

Кара-Мык  айылы

779050103

Достук мааласи

20

Эргешова Айдан Камчыбековна

11.03.1971

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

556764000

Ак-Тилек жамааты

21

Эркинали уулу Курбанали

18.03.2000

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

997616191

Жогорку-Мечит

22

Алидин кызы Даткайым

16.08.1991

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

504131498

Тилек-Баатыр маласи

 

№ 5154 Кара-Мык  шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясына  көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси (2025-жыл)

 

ФИО

Туулган жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Топчубаев Аскатбек Топчубаевич

05.04.1990

жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

773878688

 

2

Амитов Сагындык Абдилайович

19.05.1978

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

776381878

Ак-Тилек жамааты

3

Апсатаров Каримкул Айылчыевич

23.12.1987

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

774346389

Айдеке мааласи

4

Генжебек к Айзада

15.04.1999

Орто

Катчы

Кара-Мык  айылы

779075767

Кара-Шралжин мааласи

5

Имаров Нурлан Разыкович

15.12.1994

жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

772499494

Жогорку Мечит

6

Ниязбек к Айжамал

01.01.1992

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

557746404

Ак-Тилек жамааты

7

Сайфидинов Бегали Сайфиндинович

01.03.1972

Жогорку

Медик

Кара-Мык  айылы

776060972

Оорукана жамааты

8

Таштанбекова Насипгүл Талиповна

08.12.1971

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

778925606

Мугалимдер

9

Шакирова Мөөркан Алидиновна 

12.11.1987

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

222871010

Жогорку Мечмт

10

Шамшиев Абылбек Баридинович

01.18.1987

Жогорку

Иштебейт

Кара-Мык  айылы

779050103

Достук мааласи

11

Эргешова Айдан Камчыбековна

11.03.1971

Жогорку

Мугалим

Кара-Мык  айылы

556764000

Ак-Тилек жамааты

 

УШК  №5155  Жекенди

 

 

 

 №

 

          

                Ф И О

 

 

туулган жылы, айы

 

билими

 

иштеген        жери

                         

 

тел.

номери

 

жашаган жери

 

ким тарабынан көрсөтүл-гөн

1

Таштанов Имарбек

11.09.1984

жогорку

мектеп

0501091184

Жекенди айылы

мектеп жамааты

2

Маматысак  уулу Бекболот

11.04.1994

жогорку

мектеп

0775189494

Жекенди айылы

мектеп жамааты

3

Мамади у Темирбек

16.04.1994

жогорку

мектеп

0222886060

Жекенди айылы

мектеп жамааты

4

Жусуп кызы Айдай

23.09.1997

жогорку

больница

0773230997

Жекенди айылы

больница

5

Нышанова Марал

11.04.1978

орто

АДК

0778833521

Жекенди айылы

Ак-чоп жамааты

6

Садыков Темир

04.12.1992

жогорку

мектеп

0706751899

Жекенди айылы

Колчок жамааты

7

Жунусова Букатыча

21.11.1964

атайын орто

иштебейт

0773317865

Жекенди айылы

Колчок жамааты

8

Абдыкадыров Музаффар

31.01.1987

жогорку

жеке ишкер

0779869898

Жекенди айылы

Акчоп жамааты

9

Жээбек кызы Гулипа

12.021990

жогорку

мектеп

0778732655

Жекенди айылы

Мектеп жамааты

10

Кандыбаеыва Жанылай

29.09.1979

атайын орто

мектеп

0777301348

Жекенди айылы

Кызылбаш жамааты

 11

Апсаматов Баридин

02.02.1988

Жоорку

мектеп

0500244235

Жекенди айылы

Мектеп жамааты

12

Жаңыбай кызы Жазгүл

11.07.1991

Жогорку

мектеп

0773270700

Жекенди айылы

Колчок жамааты

13

Жусуапалиев Умар

16.12.1995

жогорку

Вет  борбор

0776051717

Жекенди айылы

Кызылбаш жамааты

14

Бакыбеков  Алымбек

10.08.1991

жогору

РЭС

0772810891

Жекенди айылы

Колчок жамааты

15

Эгемберди уулу Эмил

27.09.1991

жогорку

иштебейт

0773322196

Жекенди айылы

Дектир жамааты

16

Амитов Элдияр

22.05.1990

жогорку

иштебейт

0779188898

Жекенди айылы

Колчок жамааты

17

Кошназаров Лутфилла

01.08.1994

жогорку

мектеп

0500254042

Жекенди айылы

Акчоп жамааты

18

Кудайберди уулу Нурбек

13.10.1993

жогорку

мектеп

0778934056

Жекенди айылы

Дектир жамааты

 

№ 5153 Кара-Тейит шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси (2025-жыл)

 

ФИО

Туулган жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрсөтүл-дү

1

Акматов Манас Аманиллаевич

26.03.1976

жогорку

Мугалим

Кара-Тейит айылы

772173185

Мектеп жамааты

2

Жарманбетов Салимбек Мажитович

15.04.1976

Ат.орто

Мугалим

Кара-Тейит айылы

777101932

ортоңку маале жарандары

3

Досмаматов Улукбек Сомович

20.10.1985

Орто

Иштебейт

Кара-Тейит айылы

776058500

ортоңку маале жарандары

4

Муктарали уулу Алмазбек

25.07.1993

Орто

Иштебейт

Кара-Тейит айылы

220334539

ортоңку маале жарандары

5

Абдымомун кызы Тазагүл

02.07.1982

Жогорку

МЧББУ

Кара-Тейит айылы

220923636

МЧББУ жамааты

6

Тилекматова Каныкей Шералиевна

17.07.1991

Жогорку

Мугалим

Кара-Тейит айылы

552015301

Жогорку маале жарандары

7

Ысманова Жыпаргүл Пирмаматовна

10.08.1989

Жогорку

Мугалим

Кара-Тейит айылы

776420015

Мектеп жамааты

8

Осбаева Рысгүл Таштанбековна

20.08.1971

Ат.орто

медайым

Кара-Тейит айылы

773877246

Айылдык ФАЭ жамааты

9

Тойчиева Миргүл Акматбековна

17.10.1999

Жогорку

Мугалим

Кара-Тейит айылы

553488348

Жогорку маале жарандары

10

Абдисатар кызы Кундуз

10.12.1993

Жогорку

Мугалим

Кара-Тейит айылы

773063635

Топ-Кана жамааты

11

Орозмаматов Бакытбек Дөөлатович

18.09.1973

Жогорку

Мугалим

Кара-Тейит айылы

778780873

Алыш-Сай жамааты

12

Бактыбаев Садык Мисиратиллаевич

19.11.1967

Ат.орто

Техкызм.

Кара-Тейит айылы

771040267

Алыш-Сай жамааты

13

Машеров Толкунбек Жобарович

24.05.1987

орто

МЧББУ

Кара-Тейит айылы

779280286

МЧББУ жамааты

14

Камардинов Медербек Нурмаматович

26.08.1981

орто

Техкызм.

Кара-Тейит айылы

775421242

Мектеп жамааты

15

Султанова Жайнагүл Тайировна

08.06.1983

жогорку

мугалим

Кара-Тейит айылы

777602752

Алыш-Сай жамааты

16

Асилбек уулу Илимказы

18.09.1996

жогорку

мугалим

Кара-Тейит айылы

990999540

Мектеп жамааты

17

Дүйшөбай кызы Динара

17.04.1995

жогорку

иштебейт

Кара-Тейит айылы

776403313

Аялдар кеңешинен

18

Гайымов Кеңешбай Абдижалилович

06.10.1969

орто

иштебейт

Кара-Тейит айылы

773552575

Топ-Кана жамааты

 

 


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №18
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
"Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө"
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жекенди айылдык аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар 1-тиркемеге ылайык;

- имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жекенди айыл өкмөтү жана шаар куруу жана архитектура департаментинин аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Кара-Мык айылындагы Ж.Самидинов атындагы МЧББУ ну муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №19
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кара-Мык айылындагы Ж.Самидинов атындагы МЧББУ ну муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу  Кара-Мык айылындагы Ж.Самидинов атындагы МЧББУ ну муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
  2. Тийиштүү документтерин бүтүрүп, муниципалдык менчикке кабыл  алуу жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго  жана ФЭБ нүн башчысы  С.Маматовго милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагында малдарды жазгы жана күзгү жайытка жайгаштыруу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №20
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында малдарды жазгы жана күзгү жайытка жайгаштыруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жекенди  айылдык аймагында 2025-жыл   жаздын эрте келип,  күн  жылуу болгондугуна  байланыштуу  элдерди  жайлоого  көчүрүү 10-майга  чейин, жайлоодон  көчүп  түшүү 1-октябрдан кийинкиге белгиленсин.
  2. Жекенди айылдык аймагында мал ээлери  менчигинин түрүнө карабастан, малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүн керектөөдөн чыгаруусу же зыян келтирүүсү үчүн   Кыргыз  Республикасынын   укук бузуулар кодексине ылайык  жоопкерчиликке тартылуу жагы эскертилсин.
  3. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Т.Жайчибековго  жана  аппарат кызматкерлерине  милдеттендирилсин.
  4. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө   алуу Жекенди айылдык кеңешинин  агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Зикир уулу Мухамедыканга жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Чоң-Алай районундагы № 16 жол тейлөө мекемесине техникаларга гараж салуу үчүн 0,20 га жер бөлүп берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №21
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Чоң-Алай районундагы № 16 жол тейлөө мекемесине техникаларга гараж салуу үчүн 0,20 га жер бөлүп берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Чоң-Алай районундагы № 16 жол тейлөө   мекемесине жол каттамдарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында  “Жол оңдоо пукуттарын”  куруу жана техникаларга  гараж салуу үчүн Кашат участкасындагы муниципалдык жер аянтынын  ичинен  0,20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
  2. Тийиштүү документтерин бүтүрүп берүү жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Т.Жайчибековго  жана  жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү  боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
  3. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө   алуу Жекенди айылдык кеңешинин  агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Зикир уулу Мухаммедыканга жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Чоң-Алай РЭТ ине кантора салуу үчүн 0,10 га жер бөлүп берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №22
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Чоң-Алай РЭТ ине кантора салуу үчүн 0,10 га жер бөлүп берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Чоң-Алай РЭТинин  11.04.2025-жылдагы № 01-4/97 сандуу кайрылуу катынын негизинде Чоң-Алай  РЭТ ине кантора  салуу үчүн Жекенди айыл өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июндагы № 25  токтому менен  5-07-03-1002-0751  идентификациялык номери менен берилген 350 м.кв жер аянтын  Жекенди айыл өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине кабыл алынсын.
  2. Чоң-Алай  РЭТ ине кантора  салуу үчүн Кашат участкасындагы муниципалдык жер аянтынын  ичинен  0,10 га жер аянтын бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
  3. Тийиштүү документтерин бүтүрүп берүү жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Т.Жайчибековго  жана  жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү  боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
  4. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө   алуу Жекенди айылдык кеңешинин  агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Зикир уулу Мухаммедыканга жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан сугат суу тартуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №23
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан сугат суу тартуу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан сугат суу тартууга уруксат берилсин.
  2. Тийиштүү документтерин бүтүрүү   жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Т.Жайчибековго  жана  жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү  боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
  3. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө   алуу Жекенди айылдык кеңешинин  агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Зикир уулу Мухаммедыканга жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №24
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Садыбакасовдун, Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнө  зор  салымын  кошкондугу үчүн   төмөндөгү атуулдарга Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу  атуулу”  наамы  берилсин.

1.Нышанбаев Нурилла                     -ардагер

2.Идирисов Шермамат                     -ардагер

3.Турдукулов Базарбай                    -Кыргыз Телеком акционердик коому электромонтеру

2. Жекенди айылдык аймагынын   “Ардактуу  атуулу”   төш  белгисин жана  лентасын даярдоо  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Жайчибековго  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы   У. Садыбакасовго  тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Чоң-Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №25
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Чоң-Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Садыбакасовдун, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ага окутуучусу Калилов Казубек Дарманбековичке жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Камалов Айдар Камаловичке Чоң-Алай районун “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап токтом кылат:

  1. Чоң-Алай районунун    социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнө  зор  салымын  кошкондугу үчүн  Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ага окутуучусу  Калилов Казубек Дарманбековичке жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Камалов Айдар Камаловичке   Чоң-Алай районун “Ардактуу  атуулу”  наамы  берилсин.
  2. Чоң-Алай  районун   “Ардактуу  атуулу”    наамын берүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы   У. Садыбакасовго  тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

2025-жылдын жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымы, тракторлордун нормасы, механизаторлордун эмгек акысы боюнча нормативдерди аныктоо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №26/а
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
2025-жылдын жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымы, тракторлордун нормасы, механизаторлордун эмгек акысы боюнча нормативдерди аныктоо жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  • 2025-жылга  жер маселелери жана  жазгы  талаа  жумуштарына карата күйүүчү  жана  майлоочу  майлардын чыгымы,  тракторлордун  нормасы,  механизаторлордун  эмгек  акысы  боюнча  нормативтер  № 1  тиркемеге  ылайык бекитилсин.
  • Бекитилген  норматив  боюнча  иш  алып  баруу  жана  элге  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүү     айыл  башчылар  К.Колдошов,  А.Жакшыбаев, А.Маматкул уулу,  К.Эргешбай уулу, А.Жакыповдорго милдеттендирилсин.
  • Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө   алуу Жекенди айылдык кеңешинин  агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухаммедыканга жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

«Бекитемин»                                                                           «Маакулдашылды»                                                                                                                                                                       

Жекенди айылдык кенешинин төрагасы                          Жекенди айыл өкөмтүнүн башчысы                                

______________________ Н.Мурзапар уулу                 ___________________ Т.Жайчибеков

«___»_____________________ 2025-жыл                          «___»________________ 2025-жыл

2025-жылдын жазгы талаа жумуштарына  карата күүйүүчү  жана майлоочу майлардын чыгымы, тракторлордун нормасы, механизаторлордун эмгек акысы боюнча нормативдер

Талаачылык иштер

Тракторлор-дун маркасы

Айыл чарба шаймандары

Бир сменада аткарылуу-чу айдоо аянты га

1 га аянтка чыгым

Механизатордун акысы 1 га сом

Бардык чыгым

Солярка литр

Автол литр

Айдоо

МТЗ-80, ЮМЗ-6

ПН-3-35

4

25х76=1900

 -

3600

5500

УТО-904

ИЛ-4-35

5

30х76=2080

-

3220

5500

УТО-704-555

ИЛ-3-35

4

25х76=1900

-

3600

5500

УТО-40-30-25

ИЛ-420-320-320

3

15х76=1140

-

3860

5500

Себүү

МТЗ-80, ЮМЗ-6

СЗС-2,1

12,0

7х76=532

-

1468

2000

УТО-904

СЗС-2,1

12,0

9х76=684

-

1316

2000

УТО-704-555

СЗС-2,1

12,0

7х76=532

-

1468

2000

УТО-704, МТЗ-80

Сажалка (картошка)

6,0

15х76=1140

-

4860

2000

Мала-лоо

МТЗ-80, ЮМЗ-6

БЗТС-1,0

9

10х76=760

-

1240

2000

УТО-904

БЗТС-1,0

10

10х76=760

-

1240

2000

УТО-704-555

БЗТС-1,0

9

10х76=760

-

1240

2000

УТО-40-30-25

БЗТС-1,0

 

5х76=380

-

1620

2000

УТО-40-30-25

МТЗ-80, ЮМЗ-6

Картошка культиватор (навесной)

4,0

10х76=760

 

1740

2500

Оруп жый

ноо

УТО-704, МТЗ-80

Косилка КЕГ (навесной)

4,0

12х76=912

-

1588

2500

УТО-704, МТЗ-80

Грабель (ворошилка)

6,0

9х76=684

-

1316

2000

Нива, Енисей

Комбайн

8,0

20х76=1520

-

4480

6000

УТО-704, МТЗ-80

Картошка (копатель)

3,0

20х76=1520

-

4480

6000

 

 

      Жекенди айыл өкмөтүнүн  жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис                                                                     А.Маматов

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана жергиликтүү демилгелерди каржылоо максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясынын


27-апрель 2025-жыл. №26
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана жергиликтүү демилгелерди каржылоо максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө жобо  бекитилсин.
  2. жергиликтүү демилгелерди каржылоо боюнча Жекенди айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 25 000 (жыйырма беш миң) сом  акча каражаты  бөлүнүп берилсин
  3. Токтомду  аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет,  Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инветиция,энергетика маселелери   боюнча комиссиясынын  төрагасы Амирбеков Акматалига жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

 


 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин «05» «09» 2019-ж.  № 01-18/84 буйругу менен бекитилген

Жекенди айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана

каржылоонун тартиби жөнүндө

 ЖОБО

1. Ушул  жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеп чыгылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоосунун жана каржылоосунун тартибин белгилейт.  

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди колдоого алуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө жигердүү катышууларын кызыктыруу максатында жүзөгө ашырылат.

3. Ушул  жободо жергиликтүү демилгелер дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт.

4. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар жергиликтүү демилгелерди каржылоонун булактары болуп саналат.

5. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануусу мүмкүн болгон жергиликтүү демилгелердин түрлөрү:

1) белгилүү каржылык ресурстарга жана (же) эмгектик жана каржылык эмес ресурстарга ээ жана кошумча каржылоону талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени кошо-каржылоо);

2) белгилүү натыйжаларга жетишилген, бирок аны улантуу же бүркөрүү үчүн каржылоонун талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени бекемдөө-бүткөрүү).

6. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. 

7. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.

8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү аркылуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. 

9. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү демилгелерди тандоо конкурстук негизде ушул  жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

Тандоого бир календардык жылдын ичинде ишке ашырууга эсептелген жергиликтүү демилгелер катыша алышат. Өзгөчө учурларда жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгени кезек-кезеги менен ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

10. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого зарыл болуучу каражаттардын көлөмү жергиликтүү өз алдынба башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттин долбоорунда каралат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

11. Эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар, жергиликтүү демилгелерди каржылоонун алкактарында, төмөнкүдөй тартипте пайдаланылышы мүмкүн:

1) көрсөтүлгөн каражаттар жергиликтүү демилгелни каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилген учурда – ушул Жободо белгиленген тартипте;

2) жергиликтүү демилгенин каражаттарынын ээлеринин түздөн-түз, толук же жарым-жартылай каржылоосу – каражат ээси тарабынан белгиленген тартипте.

12. Жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгени каржылоого каралган каражаттардын эсебинен чыгымдардын төмөнкү түрлөрүн каржылоого жол берилбейт: жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө, алардын бирикмелерине, жергиликтүү демилгени ишке ашырууга катышкан башка жеке жана юридикалык жактарга эмгек акыларды же башка сыйакыларды төлөп берүүгө, камсыздандыруу акыларын, салыктарды, жыйымдарды, насыялар жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди жоюуга жана тейлөөгө, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу менен байланышпаган башка чыгымдарды төлөөгө.

13. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун көзөмөлү, мониторинги жана баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылбоосу тийиш.

 

2. Жергиликтүү демилгени тандоо тууралуу кулактандыруу

14. Жергиликтүү демилгени тандоону өткөрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча конкурс жөнүндө (мындан ары – конкурс) маалыматтар (мөөнөтү, өткөрүү тартиби, жергиликтүү маанидеги маселелер, конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер, катышуучулар, жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери жана конкурска тиешелүү башка маалыматтар) жеке жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү болушу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жарыяланышы, ал эми ал жок богон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалыматт текчесине (тактасына) жайгаштырылышы керек.

Арыз берүүчү – жергиликтүү жамааттын мүчөсү (-лөрү), алардын бирикмелери, жергиликтүү демилгени каржылоону алууга конкурстук билдирме берген (-ишкен) башка жеке жана юридикалык жактар (мындан ары – конкурстун катышуучусу).

15. Конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

1) ушул жобонун 26-п. саналган конкурска катышуу үчүн документтердин тизмегин;

2) жергиликтүү маанидеги маселелер, катышуучулар ошол боюнча конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер;

3) конкурсту өткөрүүнүн убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде тандоонун критерийлери жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоонун мөөнөттөрү;

4) бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоонун максималдуу суммасы (эгерде ушундай сумма белгиленсе);

5) конкурска катышуу үчүн формаларды алууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги жана (же) көрсөтүлгөн формаларды электрондук түрдө көчүрмөлөп алуу мүмкүн болгон анын расмий сайтынын дареги;

6) маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты, телефон номери жана элетрондук почтасынын дареги);

7) суроо-талаптарды жөнөтүү жана конкурстун шарттары жаатында түшүндүрүүлөрдү алуу үчүн мөөнөт;

8) конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги, электродук почтасы жана\же расмий сайтынын дареги;

9) конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү.

16. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун болжолдуу формасы ушул  жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

 

3. Комиссияны түзүүнүн тартиби жана иши

17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча комиссия түзөт (мындан ары – комиссия.

Комиссия 5тен кем эмес кишиден турат:

- вице-мэр (айыл өкмөт башчысынын орун басары), көрсөтөлгөн кызмат орундары жок болгон учурда – аппарат жетекчиси, жооптуу катчы – комиссиянын төрагасы;

- жергиликтүү кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча);

- мэриянын (айыл өкмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы – комиссиянын катчысы;

- жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын өздүк курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  аткаруучу органынын расмий сайтына, ал эми ал жок босо – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат текчесине (тактасына) жайгаштырылат.

18. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып 2 жылды түзөт.

19. Комиссиянын отуруму комиссиянын төрагасы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин демилгеси боюнча чакырылат. Отурумду комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгондо – отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен төрагалык кылуучулукка шайланган комиссия мүчөсү алып барат.

Комиссиянын катчысы комиссиянын ишин уюштурат, комиссия мүчөлөрүн пландалган отурумдар жөнүндө кабарландырат, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзүлүшү жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана комиссия мүчөлөрүнүн комиссиянын ишине катышууларына көмөктөшөт.

20. Комиссиянын отуруму, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн 3\2 катышып олтурса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн башка адамдар менен алмаштырылышына жол берилбейт. 

21. Комиссиянын кароосуна конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналында катталган баардык конкурстук билдирмелер киргизилет. 

Комиссиянын чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Комиссиянын чечими, эгерде ал үчүн отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынган болуп эсептелет. «Макул» жана «каршы» добуштар тең болуп калганда, комиссиянын отурумунда төрагалык кылуучунун дошубу чечүүчү болуп эсептелет.

22. Комиссиянын чечими протокол менен жол-жоболонот. Комиссиянын отурумунун протоколунда күн тартибинин маселелери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Комиссиянын отурумунун протоколуна отурумда катышып олтурган комиссиянын баардык мүчөлөрү кол коюшат.

23. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикирин билдирүүгө укугу бар, ал комиссиянын отурумунун протоколуна киргизилет.

24. Комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жарыяланат, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат.

25. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын иштерине акысыз негизде катышышат.

 

4. Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон конкурстук документтер

жана аларды берүүнүн тартиби

26. Конкурска катышуу үчүн анын катышуучулары конкурстук билдирме берүүлөрү керек:

1) Ушул  Жобого карата 2-тиркемеге ылайык форма боюнча арыз;

2) паспорттун көчүрмөсү (жеке адамдар үчүн) юридикалык жак катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);

3) сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) жана бюджет.

27. Конкурстук билдирмелер комиссияга конкурстун катышуучусунун тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде, төмөнкү ыкмалардын бири менен берилиши мүмкүн:

1) кагаз жүзүндө, чапталган конвертте – жеке өзү, же болбосо почта менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына;

2) PDF форматында көчүрмөлөнгөн түрдө – электрондук почта менен жиберилет же болбосо, эгерде конкурстун шарттарында берүүнүн ушундай мүмкүнчүлүгү каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайты аркылуу жиберилет.

28. Конкурска берилүүчү сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) ушул  жобого карата 3-Тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) аталышы, максаттары жана кыскача сунуштар (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы, сунуштардын натыйжалуу жана\же жаңычыл идеялары, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу ыкмалары);

2) аларды аткаруунун мөөнөттөрүн кошуп алганда, жергиликтүү демилге боюнча иш-чаралардын планы;

3) жергиликтүү демилгени ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар.

29. Сунушка (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасына) кат-милдеттенме, жүргүзүлгөн чыгымдарды, конкурстун катышуучусунун ресурстары (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша) бар экенин бышыктоочу каржылык жана башка документтер, ал эми зарыл болгондо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн өнүмдөрдү, натыйжаларды жана объекттерди эксплуатациялоонун жана мындан ары башкаруунун планы тиркелет.

30. Жергиликтүү демилгенин бюджети ушул  жобого карата 4-Тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) чыгымдардын сметасын жана чыгымдардын ар бир статьясы боюнча каржылык эсептерди;

2) суралган каржылоонун өлчөмүн;

3) өздүк салымдын жана тартылган каражаттардын өлчөмүн (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланыла турган каржылык каражаттар, транспорт, орун жай жана башка мүлктөр, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында аткарылуучу жумуштар ж. б.).

31. Конкурстук билдирмелер үчүн формалар (арыз, сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы), жергиликтүү демилгенин бюджети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жайгаштырылат, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат жана кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча берилет.

32. Конкурстук билдирмелер конкурстун катышуучуларына тизмек боюнча берилет, конкурстун катышуучуларынын колдору коюлат жана мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт (юридикалык жактар үчүн).

33. Конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн конкурстук билдирмелерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин, почта менен жиберилген конкурстук билдирмелер, мөөнөтүндө берилген болуп эсептелет.

34. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген конкурстук билдирмелерди конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналына каттайт. Конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналы кагаз жүзүндө жүргүзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

1) конкурстук билдирмелер берилген дата жана убакыт;

2) конкурстук билдирмелердин катталган номерин;

3) конкурстун катышуучусунун фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн) жана конкурстун катышуучусунун аталышын (эридикалык жактар үчүн);

4) конкурстун катышуучусунун почта дарегин, электрондук почта дарегин жана телефон номерин;

5) жергиликтүү демилгенин аталышын;

6) конкурстук билдирмеге кошулган документтердин тизмегин.

 

5. Конкурсту болбой калды деп таануу жана кайрадан конкурс өткөрүү

35. Конкурс төмөнкү учурларда болбой калды деп таанылат:

1) конкурстук билдирмелер болюогондо же болбосо конкурска катышууга бир конкурстук билдирме келип түшкөндө;

2) баардык конкурстук билдирмелер конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуу менен берилгенде.

36. Конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, конкурс болбой калды деп таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайрадан конкурс жарыялоого милдеттүү. Кайрадан өткөрүлгөн конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жаңы конкурс жарыялоого же болбосо жергиликтүү демилгени каржылоого арналган каражаттарды, жергиликтүү бюджетте каралган башка максаттарга пайдаланууга укуктуу.

 

6. Долбоордук сунуштарды баалоо

37. Конкурстук билдирмелерди баалоонун критерийлери, ушул  жобого карата 5-Тиркемеге ылайык форма боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлгөн баалоо баракчасында камтылган.

38. Конкурстук билдирмелер комиссия мүчөлөрүнө кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада берилет.

39. Конкурстук билдирмелерди баалоо эки этапта жүргүзүлөт.

Баалоонун биринчи этабында, комиссия ар бир конкурстук билдирмени төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:

1) жергиликтүү демилге жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселесин чечүүгө багытталган;

2) жергиликтүү демилге жүзөгө ашырыларлык;

3) арыз конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилген;

4) жергиликтүү демилгени каржылоого суралган акчанын суммасы, конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын максималдуу суммасынан ашпайт (эгерде ушундай сумма белгиленсе).

Мында бул этапта конкурстук билдирмелерди баалоо комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан эмес, а бүтүндөй комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде комиссия конкурстук билдирмеге критерийлерди бири эле боюнча терс баа койгон учурда, комиссия бул конкурстук билдирмени четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.

Баардык критерийлер боюнча биринчи этапта оң баа алган конкурстук билдирмелерди баары конкурстун кийинки этабына коё берилет.

40. Конкурстун экинчи этабында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан конкурстук билдирмелерди баалоо төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

1) комиссия мүчөсү ар бир конкустук билдирмени окуп-үйрөнөт;

2) конкурстук билдирмелерди окуп-үйрөнүүнүн натыйжалары боюнча комиссия тарабынан ар бир конкурстук билдирмени талкуулоо өткөрүлөт, андан кийин комиссиянын мүчөлөрү, баалоо баракчасына баалоонун ар бир критерийи боюнча баллдарды коюшат;

3) комиссия мүчөсү тарабынан баардык критерийлер боюнча баалоо баракчасына коюлган баллдар кошулат жана алынган сумма комиссия мүчөсүнүн конкурстук билдирмеге берген баасы деп эсептелет (баалоо баракчасына комиссия мүчөсүнүн колу коюлат жана комиссияда сакталат);

4) ар бир конкурстук билдирме боюнча комиссия мүчөлөрүнүн баалары кошулат жана баалоо баракчаларынын санына барабар санга бөлүнөт, ошондон алынган орточо маани конкурстук билдирме боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;

5) конкурстук билдирмелер боюнча жыйынтык баллдар кемүү тартибинде жалпы рейтингдик тизмеге киргизилет;

6) эгерде бир нече конкурстук билдирмелер тең сандагы баллдарды алышса, анда алар рейтингдик тизмеге конкурска катышуу үчүн баардык документтердин пакетин берген убактысына жараша (хронологиялык ыраатттуулукта) киргизилет; баардык документтер бир убакта берилген учурда, ушул конкурстук билдирмелердин рейтингдик тизмесиндеги орунду аныктоо үчүн, комиссия тарабынан аныкталган тартипте чүчү кулак өткөрүлөт;

7) комиссиянын чечими менен, рейтингдик тизмеде конкурстук билдирмелери эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары жеңүүчүлөр деп табылат.

41. Конкурстук билдирмелерди баалоо конкурстук билдирмелерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып, 15 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

 

7. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана коомчулукту анын натыйжалары жөнүндө кабарландыруу

42. Жеңүүчү катары таанылган жергиликтүү демилгелердин саны, жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган каражаттардын көлөмүнө жараша комиссия тарабынан аныкталат.

43. Конкурстун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечими, комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

44. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын тескемеси жана конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси, тескеме чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, конкурстун жеңүүчүлөрүнүн атын жана аталышын, алар алган баллдарды көрсөтүү менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына, ал эми ал жок болгон учурда – маалымат текчесине (тактасына) жарыяланат.

8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу

45. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы конкурстун жеңүүчүсү менен (мындан ары – жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси конкурстун натыйжаларын бекиткен күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) түзөт.

46. Конкурстук билдирменин негизинде Макулдашууга карата жергиликтүү демилгени ишке ашырууга техникалык тапшырма түзүлөт. Техникалык тапшырмага жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун макулдугусуз, конкурстук билдирмеде каралбаган кошумча иш-чаралар киргизилиши мүмкүн эмес.

47 Макулдашуу ушул  жобого карата 6-Тиркемеде формасы берилген жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Типтии макулдашуунун негизинде түзүлөт.

48. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоо этап-этап менен жүзөгө ашырылат. Эгерде макулдашууда жергиликтүү демилгени этаптар боюнча каржылоо каралса, анда жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун ар бир этабы аяктагандан кийин, жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына отчет берилет, ал жактырылгандан кийин жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун кийинки этабын каржылоо жүзөгө ашыралат.

 

9. Долбоорду көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоо

49. Жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.

50. Жергиликтүү демилге ишке ашырылгандан кийин жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына төмөнкүлөдү берет:

- өздүк салымынын жана тартылган каражаттардын көлөмү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө отчет (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланылган каржылык каражат, транспорт, орун жай жана башка мүлк жана аткарылган жумуштар ж. б.);

- отчетко тиркелет: жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун  өздүк кошо-каржылоо каражаттарын жана башка тартылган каражаттардын киргизилгенин бышыктоочу документтер, Макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык башка документтер.

Отчеттор ушул  жобого карата 7-Тиркемеде каралган форма боюнча берилет.

51. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берген учурда, бул объекттерди кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

52. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы төмөнкү предметке жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышынын мониторингин жүзөгө ашырат:

- жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун Макулдашуунун шарттарын аткаруусунун;

- сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдө жетишилген аралыктык жетишкендиктерди жана жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун аяккы натыйжаларын.

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун учурдагы натыйжаларынын мониторинги жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнү талкуулоо жана жергиликтүү демилгенин Аткаруучусуна көмөк көрсөтүүнү уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

53. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу Макулдашуунун шарттарын аткарбаган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Макулдашууну бир тараптуу тартипте бузууга жана каржылоону токтото турууга укугу бар.

 

Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясынын


27-апрель 2025-жыл. №27
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу 30,0 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагындагы № 1965- контурундагы таштуу жайыттагы 7,18 га, № 1964-контурундагы таштуу жайыттагы 21,70 га жер, № 1969-контурундагы таштуу жайыттагы 1,12 га, жалпы 30 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагындагы   № 1965- контурундагы таштуу жайыттагы  7,18 га,  № 1964-контурундагы таштуу жайыттагы  21,70 га жер, № 1969-контурундагы таштуу жайыттагы  1,12 га,  жалпы 30 га жайыт  жер аянтын   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу  (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык,  “Айыл  чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.                                                                                           
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айыл аймагына караштуу 2,48 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясынын


27-апрель 2025-жыл. №28
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу 2,48 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылындагы № 1987- контур, таштуу жайыт жер 0,07 га, № 1991-контур таштуу жайыт жер 0,80 га жер, № 870-контур, жайыт жер 1,33 га, № 869-контур, жайыт эсебиндеги 0,28 га, жалпы 2,48 гектар жана Чулук айылына Уюлма участкасынан канал салуу үчүн узундугу 3100 метрди түзгөн жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “жайыт” ушул эле категориянын “каналдар түрүнө” которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылындагы  № 1987- контур,  таштуу жайыт жер 0,07 га,  № 1991-контур таштуу жайыт жер 0,80 га жер, № 870-контур,   жайыт жер 1,33 га, № 869-контур,  жайыт эсебиндеги  0,28 га,  жалпы 2,48 гектар  жана Чулук айылына Уюлма участкасынан канал салуу үчүн  узундугу 3100 метрди түзгөн жерди  “Айыл  чарба багытындагы жерлер” категориясынын “жайыт” түрунөн,  ушул эле категориянын “каналдар түрүнө”   которууга  (трансформациялоого)  макулдук берилсин.                                                                                                                                                                                            
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айыл аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу чыгаруу үчүн электр көмөкчү чордонун жана электр линиясын тартуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясынын


27-апрель 2025-жыл. №29
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу чыгаруу үчүн электр көмөкчү чордонун жана электр линиясын тартуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Жайчибековдун Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу тартуу максатында электр көмөкчү чордонун орнотуу жана 2100 метр линия тартуу үчүн жер бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы токтом кылат:

  1.  Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан    насос менен суу тартуу максатында электр  көмөкчү чордонун орнотуу  жана 2100 метр  электр линиясын тартуу үчүн  жер бөлүп  берүүгө  уруксат берилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун уставын жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын


31-март 2025-жыл. №30
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун уставын жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.12.2015-жылдагы “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” № 747 токтомуна ылайык Жекенди айылдык кеңеш токтом кылат:

1.Бекитилсин:

“Жекенди айыл аймагынын коомдук алдын  алуу борборунун  уставы” №1 тиркемеге  ылайык.

 “Жекенди айыл аймагынын коомдук алдын  алуу борборунун курамы” № 2 тиркемеге ылайык.

2. Бул токтомдун аткарылышы Жекенди айылдык кеңешинин социалдык    туруктуу комиссиянына жүктѳлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айылдык кенешинин

2025-жылдын  31-мартындагы

№30  токтомуна      1- тиркеме

 

Коомдук алдын алуу борборунун  уставы 

1. Жалпы жоболор

1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын  тиешелүү аймактарында  укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.

2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Жекенди айыл өкмөтүндөгү Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси”;

- расмий тилде: “Общественное объединение “Общественно-профилактический центр Жекенди айыл өкмөтү”.

Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:

-         мамлекеттик тилде: “КАБ” КБ”.

- расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.

3. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.

4. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.

5. КАБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат,  мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.

6. КАБ дын  юридикалык дареги:   Жекенди айыл өкмөтү, Кара-Мык айылы, Тилек-Баатыр көчөсү № 52 .

7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын - Кеңешинин юридикалык дареги  Жекенди айыл өкмөтү, Кара-Мык айылы, Тилек-Баатыр көчөсү № 52 .

2. КАБдын максаттары  жана милдеттери

8. КАБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин  мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.

     9. КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

     - жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда  мыйзам бузууларга жол бербөө);

     - жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);

     - түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы  мамилесинин фактыларына жол бербөө);

- эрте алдын алуу  (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).

10. КАБдын милдеттери  өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды  жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;

- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;

- мыйзам бузуулардын  алдын алууга багытталган алдын алуучу    чараларды көрүү;

- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

- укуктук билимдерди пропагандалоо;

- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;

- тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү; 

- мыйзам  бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого,  тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;  

- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча   сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;  

-өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу  (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.

     11.КАБдын  иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам  бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан  алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.    

3. КАБдын  укуктары жана милдеттер  

12. КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- өзүнүн иши жөнүндө  маалыматтарды эркин жайылтууга;

- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;

- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;

- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;

- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;

- зарыл болгон учурда  өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;

-тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;

-мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;

- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте  Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка  трансферттерди, анын ичинде  чет өлкөлүк уюмдардан жана  мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу  маселелери боюнча программалардын  ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.

13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана  ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;

- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө  отчет берүүгө;

- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө; 

  -коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча  КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;

- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;

-тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;

- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КАБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;

-КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.

4. КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары  жана милдеттери

14. КАБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.

     15. Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген,
18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери,  аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин,  кондоминиумдардын төрагалары  жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат.

16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.

17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди  аткарышат.

18. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

-     жалпы чогулуштарга катышууга;

-     КАБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;

-     КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча    сунуштарды киргизүүгө;

-     КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;

-     КАБ тарабынан  өткөрүлүүчү  иш-чараларга катышууга.

19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- КАБдын Уставын сактоого;

- КАБдын ишине катышууга;

- КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;

-    КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.

20. КАБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:

- жеке арызынын негизинде;

- КАБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын  мүчөлүгүнөн чыгаруу;

- КАБдын мүчөсү каза болгондо;

- КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;

- КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

21. КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- ушул Уставдын талаптарын бузганда;

- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;

-  КАБдын  ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.

5. КАБдын  жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер

22. КАБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.

23. Жалпы чогулуш  эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда  - 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.

24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:

- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

- КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби; 

- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);

- башкаруу органдарын түзүү тартиби;

- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;

- башка юридикалык жактардын ишине  катышуу;

- кайра уюштуруу жана жоюу;

- башка маселелер.

25. КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын  өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.

26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден  кем эмес жолу чогулат.

27. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) саналат, ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.

28. Кеңештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.

29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КАБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.

30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

31. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр  кирет:

- төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;

- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;  

- Кеңештин пландарын  жана иш-чараларын бекитүү;

- ЖӨБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;

            - КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;

- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин  жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.

32. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.

33. КАБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет: 

- КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;

- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;

- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;

- банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө;

- КАБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.   

34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.

35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.   

36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.   

37. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда  Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.

38. Кеңештин жыйыны эгерде,  ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу  деп саналат.

39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо  жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт .

40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.

 

6.  КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тартиби

41. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.

42. КАБды кайра уюштуруу жана  жоюу, ошондой эле анын Уставына   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.

43. КАБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.

44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып  КАБ өз ишин токтотту деп саналат.

7. Мыйзамдарды бузгандыгы  үчүн жоопкерчилик 

45. Мыйзамдарды бузган учурда КАБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

8. Ревизиялык-контролдоочу органы

46. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КАБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.

47. КАБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.

48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.  

49. КАБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

9. КАБдын финансылык, чарбалык иши  жана мүлкү

50. КАБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:

 - жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;

- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;

- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;

- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.

51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же  булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп  берүүгө укуктуу.

52. Мыйзам  бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.

53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин  жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КАБды материалдык  жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.

54. КАБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

 

Жекенди айылдык кенешинин №25  токтомуна  2- тиркеме

 

                                                                       

“Жекенди айыл аймагынын коомдук алдын  алуу борборунун курамы”

 П.Мамажунусов                         -аксакалдар сотунун төрагасы, КААБ дын төрагасы

 Р.Токтоматов                             -айыл өкмөтүнүн соцадиси, төраганын орун басары

 Г.Мурзакулова                            -айылдык кеңештин жооптуу катчысы, КААБ дын катчысы

мүчөлөрү:

Г.Калыкова                                  -Аялдар кеңешинин төрайымы

Ш.Эсенбаев                                -Жекенди аймактык милиция бөлүмчөсүнүн  башчысы

Ж.Үсөнов                                      -Аймактык тескөөчү

А.Топчубаев                                 -Жаштар кеңешинин төрагасы

А.Амирбеков                                -айылдык кеңештин депутаты

С.Убраимова                             -айылдык кеңештин депутаты

У.Абдилатов                              -айылдык кеңештин депутаты

Ү.Садыбакасов                         -айылдык кеңештин депутаты

 

Жекенди айыл аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу чыгаруу үчүн Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясынын


10-июнь 2025-жыл. №31
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу чыгаруу үчүн Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Жайчибековдун Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан насос менен суу тартуу максатында Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш берүүгө уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылына Уюлма участкасынан    насос менен суу тартуу максатында Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш тапшырууга  уруксат берилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет,  Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция,энергетика маселелери   боюнча комиссиясынын  төрагасы Амирбеков Акматалига жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айыл аймагындагы тарыхый жана маданий эстеликтерди сактоо боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттендирилиши жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясынын


10-июнь 2025-жыл. №32
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагындагы тарыхый жана маданий эстеликтерди сактоо боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттендирилиши жөнүндө
Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Дектир участкасындагы № 1946 контурундагы “Курган” байыркы тарыхый эстеликтери улуттук маданий мурас болуп эсептелгендигине байланыштуу жана аларды келечекте сактап калуу максатында Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамына ылыйык, токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Дектир участкасындагы № 1946 контурундагы архиеолог тарабынан белгиленген  “Курган” байыркы тарыхый эстеликтерди коргоо максатында ошол жерге жакын жайгашкан жердин ээлери  Ж.Калыков, М.Галов жана У.Орунбаевтерге эскертүү берилсин.
  2. Жекенди  айылындагы  “Курган” байыркы эстеликтер жайгашкан аймактагы  бардык тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, сактоо жана мыйзамдуу пайдалануу боюнча жоопкерчилик Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу

Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык үй салуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясынын


10-июнь 2025-жыл. №33
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык үй салуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Жайчибековдун Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык үй салууга уруксат берүү жана Достук жаңы конушунан муниципалдык үй салуу үчүн 0,05 га жер бөлүп берүү жөнундөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык үй салууга   жана Достук жаңы конушунан муниципалдык үй салуу үчүн 0,05 га жер бөлүп берүүгө  уруксат берилсин.
  2. Тийиштүү документтерин бүтүрүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Н. Мурзапар уулу