Негизги бет - 2025-12-29 күнү жарыя болгон токтомдор
  

Сегизинчи чакырылышынын № 42-55-токтомдору

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1969 контурундагы 4 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1969 контурундагы 4 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

28.07.2025-жыл
Т О К Т О М У № 42

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1969 контурундагы 4 га аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Жекенди айылындагы Жалгыз-Арча участкасынын № 1969 контурунан 4 (төрт) га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы Жалгыз-Арча        участкасынын № 1969 контурунан  4 (төрт) га  жайыт  жер аянтын    Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу  (трансформациялоо)  тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү  тууралуу  токтомуна ылайык,  “Айыл  чарба багытындагы жерлер”  категориясынын таштуу  жайыт  түрүнөн   “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Төрага:    Н. Мурзапар уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Кыргыз Республикасын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын атаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясынын

23.09.2025-жыл
Т О К Т О М У № 46

Кара-Мык айылы
Кыргыз Республикасын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын атаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө» мыйзамын жана Чоң-Алай райондук мамлететтик администрациясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 0166 сандуу буйругуна ылайык Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 9-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө» укук бузуулардын алдын алуу, авариялардын, табигый кырсыктардын, башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, адамдардын жеке жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу обьекттердин иштешине багытталган мыйзамын аткаруу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлсүн.

2.Жогоруда белгиленген Мыйзам боюнча айылдар арасында жергиликтүү калкка айрыкча үн басымынын жана ызы-чуунун мыйзамда белгиленген денгээдеринен ашууга жол берилбей тургандыгы тууралуу толук кандуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү Жекенди айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери үзгүлтүктүксүз колго алышсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаты этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиинын курамына тапшырылсын.

Төрага:    Мурзапар уулу Н.

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Биргелешкен мониторинг жана баалоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясынын

23.09.2025-жыл
Т О К Т О М У № 47

Кара-Мык айылы
Биргелешкен мониторинг жана баалоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жасалган нуштарга байкоо жүргүзүү үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун жүргүүзүү боюнча масласени угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кенешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
токтом кылат:

1.Жекенди айыл өкмөтүнүн алдында биргелешкен жана Монитор жана баалоо  тобу төмөндөгү курамда түзүлсүн:

-Кожобеков                                                -Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысынын орун  басары-жооптуу катчы, топтун төрагасы топтун мүчөлөрү:

-Б.Акунов                                                   - Жекенди айыл өкмөтүнун башкы бухгалтери

-М.Нышанова                                           -Жекенди айылдык кеңешинин депутаты

-Б.Эшмаматов                                          -Жекенди айылдык депутаты кенешинина

-У.Абдилатов                                            -Жекенди айылдык кеңешинин депутаты

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика, социалдык-экономикалык комиссиясынын төрагасы А.Амирбековго жүктөлсүн. 

 

Төрага:    Н. Мурзапар уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл өкмөтүндө органикалык аймак түзүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясынын

06.10.2025-жыл
Т О К Т О М У № 48

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүндө органикалык аймак түзүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеков Чоң-Алай районун органикалык аймакка өткөрүү сунушун Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 8-сессиясынын кезектеги отуруму угуп талкуулап,
токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Чоң-Алай районунун Жекенди айыл  өкмөтүндө  Органикалык  айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү  технологияларын жайылтуу,  жашоочуларына  экологиялык таза  азыктар менен камсыз  кылуу,  өндүрүлгөн органикалык  азыктарды  сатууга  өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык  абалдарын  жакшыртуу  аркылуу айыл  жеринде  туруктуу  өнүгүүнү  камсыз кылуу максатында Жекенди  органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
  2. Органикалык аймакта  органикалык  айыл чарба  технологияларын жайылтуу, биопрепраттарды, энтомофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, кепилдикке катышуу эрежелерин (PGS) колдонуп органикалык азыктарды өндүрүү, андан сырткары  кайра  иштетүү,  таңгактоо, сактоо,  сатуу стандарттары жана сертификатоо эрежелери  боюнча практикалык  жардамдарды  алуу  жана ошондой эле  мындан ары  органикалык  аймактагы  чарбалык  иштерди жандыруу  үчүн инвестиция тартуу боюнча Кыргыз  Республикасынын Суу ресурстары айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы жана  органикалык айыл чарба  департаментинен маалыматтар  суралсын.
  3. Бул  токтомдун аткарылышы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Т.Жайчибековго жана  жер маселелери боюнча  башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:    Н. Мурзапар уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл өкмөтүнө атайын техника (экскаватор) алуу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоорду сунуштоо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясынын

06.10.2025-жыл
Т О К Т О М У № 51

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнө атайын техника (экскаватор) алуу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоорду сунуштоо жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Жайчибековдун айыл өкмөтүнө атайын техника (экскаватор) алуу максатында Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоорду сунуштоо үчүн уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
токтом кылат:

  1.  Жекенди айыл өкмөтүнө   атайын техника (экскаватор)  алуу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондуна   долбоорду сунуштоого   уруксат берилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет,  Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция,энергетика маселелери   боюнча комиссиясынын  төрагасы Амирбеков Акматалига жүктөлсүн.

Төрага:    Н. Мурзапар уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл аймагында расымдык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясынын

14.11.2025-жыл
Т О К Т О М У № 52

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагында расымдык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу
транспорт, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгынын, “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтомуна ылайык айылдык кеңеш,
токтом кылат:

1. Жекенди айыл аймагында расымдык иш-чараларын өткөрүүнүн Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жекенди Айыл өкмөтүнүн  башчысы айыл аймагында расымды өткөрүүнүн эрежелерин расмий булактарда (айыл өкмөтүнүн веб-сайтында) жарыялайт.

3. Жооптуу катчы Г.Мурзакулова бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүшсүн.

5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрагасы Бакыбекова Бүсанамга жүктөлсүн.

Төрага:    Н. Мурзапар уулу

2025-жылдын       14-ноябры  

№ 52   Жекенди     айылдык

кеңешинин токтомуна тиркеме

 

Жекенди

айыл аймагында

расымдык иш-чараларды өткөрүү

 

ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

I. Жалпы жоболор

    1. Ушул Эрежелер «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгынын, “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтомуна ылайык иштелип чыккан жана Жекенди айыл аймагында расымдык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле кѳрүстѳндѳрдү күтүү боюнча иштерди уюштуруу тартибин аныктайт.

2. Көрүстөндөрдү күтүүгө жана эксплуатациялоого, сөөктөрдү көмүүнү жана кайра көмүүнү уюштурууга, ошондой эле сөөк көмүү багытындагы объектилерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилген санитардык ченемдер жана эрежелер менен аныкталат.

3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

сөөк көмүү (сөөк коюу) - өлгөндүн сөөгүн жерге берүү (бейитке, көргө) же отко өрттөө (кремация) сөөктүн күлү бар кутуну көргө көмүү менен, санитардык, жаратылышты коргоочу, шаар куруу же башка эрежелерге жана ченемдерге каршы келбеген каада-салттар менен каза болгондун диний ишенимине, каалоосуна ылайык көргө коюу боюнча ырым-жырым иш-аракеттери;

мүрзѳ – каза болгонду же анын сөөгүн көмүүчү жай;

көрүстөн – каза болгонду же алардын сөөгүн көмүү үчүн атайын бөлүнгөн аймак;

көрүстөндүн администрациясы – көрүстөндү күтүү жана эксплуатациялоо боюнча уюштуруучулук-тескөөчү жана административдик-чарбалык иштерди аткарган жеке же юридикалык жак;

өлгөндүгүнүн фактысын каттаган органдар – жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашырган аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары.

 

II. Көмүүгө жай бөлүү тартиби

 4. Жекенди айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүстөн жайгашкан жана ага арналган жалпы пайдалануудагы жерлерден айыл аймагынын каза болгон ар бир тургунуна же аталган айыл аймагында каза болгон туруктуу жашаган жери жок адамга көмүү үчүн алты чарчы метрден кем эмес жер участогу бекер бөлүнүп берилет.

5. Көрүстөндүн аймагы мүрзѳлѳрдүн катарына бөлүнгөн участоктордон турат жана автомобиль транспорту үчүн  ѳтмѳктѳр жана мүрзѳлѳрдүн участокторуна өтүүчү жолдор менен жабдылат.

 

III. Өлгөндөрдү көмүү тартиби

 

6. Өлүм фактысын каттаган органдар тарабынан берилген, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү көрүстөндүн администрациясына ЖӨБ органынын аткаруу органына көрсөткөндөн кийин көрүстөндүн аймагына көмүү жүргүзүлөт.

7. Өлгөндөрдү көмүү санитардык ченемдерге жана эрежелерге каршы келбеген каада-салттарга ылайык жүргүзүлөт.

8. ар бир сѳѳктү көмүү Көрүстөндүн администрациясы тарабынан жүргүзүлгөн төмөнкү маалыматтарды камтыган китепке катталат:

- сөөк коюунун жылы, айы, күнү;

- мүрзѳнүн номуру;

- өлгөн адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);

- туулган жана өлгөн күнү;

- өлүмдүн себеби;

- өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номуру, датасы жана ким тарабынан берилгендеги;

- өлгөн адамдын жакын туугандарынын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), дареги, туугандары жок болсо, көмгөн адамдын дареги же көмгөн уюмдун аталышы жана дареги.

     

9. Жакын туугандарынын каалоосу боюнча  өлгөндү (сөөктү) мурда каза болгон жакын тууганынын жанына көмүү  мурда каза болгон жакын тууганыны көмүлгөн жерде бош жер участогу же мүрзѳ бар болгон учурда камсыз кылынат.

10. Табылган сөөктөрдүн туугандары же сөөк коюуну уюштурууну өз мойнуна ала турган адамдар жана мекемелер жок болгон учурда сѳѳктү көмүү бюджеттик каражаттардын эсебинен өлгөндүгү фактысы катталгандан кийин Жекенди айыл өкмөтүнө жүктөлөт.      

11. Эксгумация Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдук кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.

12. Өзгөчө эпидемиялык кырдаалдар мезгилинде расымдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

 

IV. Мүрзѳлѳрдү долбоорлоо жана жайгаштыруу

 

13. Мүрзѳлѳрдүн участокторунун ортосундагы аралык узун жагы боюнча 1 метрден кем эмес, ал эми кыска жагы – 0,5 метрден кем эмес аралыкты түзөт;

мүрзѳлѳрдүн тереңдиги кыртыштын мүнөзүнө жана жер астындагы суулардын деңгээлине жараша белгиленет жана жер бетинен мүрзѳнүнн капкагына чейин (бар болсо) 1,5 метрден кем эмес аралыкты түзөт. Бардык учурларда бейит үчүн белги жер астындагы суулардын деңгээлинен 0,5 метр бийиктикти түзөт;

өзгөчө кооптуу инфекциялардан өлгөндөр үчүн бейиттин тереңдиги 2 метрлик деңгээлде белгиленет, бул учурда түбүнө хлордуу акиташ 10 сантиметрден кем эмес катмарда жайгаштырылат;

ар бир бейитте жердин үстүнөн 0,5 метр бийик дөбө (мындан ары – мүрзѳт үстүндөгү дөбөчө) болот. Мүрзѳ үстүндөгү дөбөчө бейитти атмосфералык суулардан коргоо үчүн анын четтеринен чыгып турат.

 

 

 

V. Сөөк көмүлгөн жайларды абаттоо жана аларды күтүү

 

14. Сѳѳктү көмүүгө бөлүнгөн участоктун чегине төмөнкүлөргө уруксат берилет:

- мүрзѳ үстүнө эстеликтерди жана табигый таштан же бетондон курулмаларды, гүлзарларды жана отургучтарды орнотууга;

- мүрзѳгѳ гүлдөрдү, декоративдик бадалдан жашыл тосмону кийин кыркып туруу менен отургузууга.

15. Мүрзѳлѳрдү андан ары тиешелүү тартипте күтүүнү жакын тууганы камсыздайт.

16. Эстеликтерди жана курулмаларды сөөк коюлган участоктун чегинен тышкары үстөлдөргѳ, отургучтарга жана курулмаларга алмаштырууга жол берилет.

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы Алыш-Сай көчөсүн асфальтоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясынын

14.11.2025-жыл
Т О К Т О М У № 53

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы Алыш-Сай көчөсүн асфальтоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы Алыш-Сай көчөсүн асфальтоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
токтом кылат:

1.Жекенди  айыл аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы  Алыш-Сай көчөсүн асфальтоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 227 966  (эки миллион эки жүз жыйырма жети миң тогуз жүз алтымыш алты) сом бөлүнүп берилсин. 

2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.А.Жайчибековго жана ФЭСӨБ нүн башчысы С.Маматовго милдеттендирилсин.

3. Жооптуу катчы Г.Мурзакулова бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүшсүн.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай  курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана  бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы   А.Амирбековго жүктөлсүн.

 

Төрага:    Н. Мурзапар уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл аймагына караштуу Шыңгыма учаскасынан 0,10 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясынын

14.11.2025-жыл
Т О К Т О М У № 54

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу Шыңгыма учаскасынан 0,10 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айылдык кенешинин Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын Жекенди айыл аймагына караштуу Шыңгыма учаскасынан 0,10 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
токтом кылат:

  1. Жекенди  айыл аймагына караштуу Шыңгыма участкасындагы №2325 контурундагы 0,10 га жер аянтын “Айыл чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынын бадалдуу  жайыт  түрүнөн ушул эле категориянын курулуш алдындагы  түрүнө которууга уруксат берилсин. 
  2. Тийиштүү документтерди  даярдоо жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана  жер маселелери боюнча  башкы  адиси А.Маматовко   милдеттендирилсин.
  3. Жооптуу катчы Г.Мурзакулова бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүшсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Зикир уулу Мухамеддыканга  тапшырылсын.

Төрага:    Н. Мурзапар уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелерине воркаут куруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясынын

14.11.2025-жыл
Т О К Т О М У № 55

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелерине воркаут куруу жөнүндө
Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Жекенди айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелерине воркаут куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
токтом кылат:

1.Жекенди  айыл аймагына караштуу төмөндөгү билим берүү мекемелерине воркаут куруу  үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 410 969  (эки миллион төрт жүз он миң тогуз жүз алтымыш тогуз ) сом бөлүнүп берилсин:

 -Ак-суу орто мектебине 656 368 (алты жүз элүү алты миң үч жүз алтымыш сегиз) сом

-Ленин орто мектебине 578 878 (беш жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз жетимиш сегиз) сом 

-Ташбек уулу Гапар ат.орто мектебине 596 762 (беш жүз токсон алты миң жети жүз алтымыш эки) сом

-С.Осмонов ат.орто мектебине 578 961 (беш жүз жетимиш сегиз миң тогуз жүз алтымыш бир) сом

Жалпы:2 410 969 (эки миллион төрт жүз он миң тогуз жүз алтымыш тогуз) сом

2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.А.Жайчибековго жана ФЭСӨБ нүн башчысы С.Маматовго милдеттендирилсин.

3. Жооптуу катчы Г.Мурзакулова бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүшсүн.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай  курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана  бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы   А.Амирбековго жүктөлсүн.

 

Төрага:    Н. Мурзапар уулу