Географиялык жана демография

Аймак тууралуу

География жана демография

Жекенди айыл аймагы Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан бийик тоолуу, чек арага жакын аймак. Аймактын жалпы аянты 90 720 гектарды түзөт. Айыл аймагынын курамына 5 калктуу конуш кирип, анда 1 870 кожолук жана 8 488 туруктуу калк жашайт.

Жалпы аянты 90 720 га
Калктын саны 8 488
Кожолук саны 1 870
Айылдардын саны 5

Географиялык жайгашуусу

Жекенди айыл аймагы географиялык жактан түндүк-чыгыш тарабынан Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айылдык аймагы, түштүк-батыш тарабынан Тажик Республикасынын Жерге-Тал району менен чектешет.

Айыл аймагы райондун борборунан 45 км, облустун борборунан 350 км, ал эми Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин рельефи жана бийиктиги

Аймактын рельефи бийик тоолуу болуп саналат. Деңиз деңгээлинен минималдуу жана максималдуу бийиктиги 2200–2500 метрди түзөт.

Бийик тоолуу жайгашуу аймактын климатына, жаан-чачын көлөмүнө, температуранын суткалык жана жылдык өзгөрүүсүнө олуттуу таасир тийгизет.

Климаттык шарттары

Жекенди айыл аймагынын климаты кескин континенталдуу жана кургакчыл. Кышы узак жана суук болуп, кыш мезгили 6 айга чейин созулат.

Абанын орточо температурасы кышында -25°C, жайкысын +15°Cден +29°Cге чейин жетет. Жаан-чачындын жылдык орточо көлөмү 500–800 мм түзөт.

Жаан-чачындын аздыгы, нымдуулуктун төмөн болушу жана батыштан соккон тынымсыз шамал аймактын табигый шартын катаал кылат.

Административдик-аймактык түзүлүшү

Жекенди айыл аймагынын курамына 5 айыл кирет. Бардык айылдар бийик тоолуу, алыскы жана чек арага чектеш калктуу конуштар болуп саналат.

  • Кара-Мык айылы;
  • Кара-Тейит айылы;
  • Жекенди айылы;
  • Чулук айылы;
  • Шибээ айылы.

Демографиялык көрсөткүчтөр

2026-жылдын 1-январына карата Жекенди айыл аймагында туруктуу калктын саны 8 488 адамды түзөт. Анын ичинен 4 352 адам эркектер, 4 136 адам аялдар.

Калктын 2 997си эмгекке жарамдуу курактан кичүү, 4 993ү эмгекке жарамдуу курактагылар, 498и эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдар.

Калктын табигый өсүшү

Айыл аймагында төрөлгөндөрдүн саны 142 адамды, өлгөндөрдүн саны 28 адамды түзөт. Калктын табигый өсүшү 114 адам болуп белгиленген.

Улуттук курамы

Жекенди айыл аймагынын калкынын улуттук курамы боюнча бардык 8 488 адам кыргыздардан турат. Башка улуттар боюнча көрсөткүчтөр катталган эмес.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген