Жекенди айыл өкмөтүндө социалдык объекттердин курулуш иштери жүрүүдө

изображение viber 2021 03 09 09 58

Жекенди айыл өкмөтү аймагында билим берүү тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында бир катар социалдык объекттердин курулуш иштери башталды.

Аталган долбоорлор балдардын билим алуусуна жана тарбияланышына ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында ишке ашырылууда.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлор:

  • Кара-Мык балдар бакчасына кошумча корпус куруу;
  • Жекенди балдар бакчасына кошумча корпус куруу;
  • Ленин атындагы орто мектебине жаңы ажаткана куруу;
  • “Кыргызстан” орто мектебине кошумча корпус жана ажаткана куруу.

Долбоор тууралуу маалымат

  • Башталган жылы: 2025-жыл
  • Каржылоо булагы: Ага Хан фонду
  • Жалпы суммасы: 48 516 480 сом

Объекттер боюнча:

  • Кара-Мык балдар бакчасынын кошумча корпусу — 17 909 850 сом
  • Жекенди балдар бакчасынын кошумча корпусу — 17 989 000 сом
  • Ленин атындагы орто мектебинин ажатканасы — 3 159 630 сом
  • “Кыргызстан” орто мектебинин кошумча корпусу жана ажатканасы — 9 458 000 сом

Учурда бардык объекттерде фундамент куюу иштери башталган. Курулуш иштерин 2026-жылы толук аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Долбоорлордун ишке ашуусу менен мектептерде жана бала бакчаларда билим алуу үчүн заманбап жана коопсуз шарттар түзүлүп, балдардын сапаттуу билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк ачылат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген