Ийгиликтүү мугалимдер жана таланттуу окуучулар акимдин кабыл алуусунда

707476195 1695014524837191 7071259848267703643 n

Бүгүн, 26-май күнү билим берүү тармагында жогорку жетишкендиктерди багындырган алдыңкы мугалимдер жана таланттуу окуучулар Чоң-Алай районунун акими М. Шамырканов тарабынан кабыл алынып, баалуу белектер менен сыйланышты.

🔷 “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын райондук турунун жеңүүчүсү, математика мугалими Мурзабекова Гульзина Акматовна облустук турда I орунду камсыздап, республикалык турга жолдомо алды.

🔷 “Жылдын мыкты ийрим мугалими – 2026” сынагынын облустук турунда Балдардын чыгармачылык борборунун “Компилятор” ийриминин жетекчиси Шарипова Айдана Кожалиевна II орунду ээледи.

🔷 Республикалык “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” сынагынын республикалык турунда Н.Кармышев атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Бурканова Аиша I орунду багындырып, өзүнүн мыктылыгын жана талантынын деңгээлин көрсөтө алды.

Район жетекчиси жетишкендик ээлерин куттуктап, алардын билим берүү тармагындагы ийгиликтери райондун сыймыгы экендигин белгиледи.

Жетишкендик ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы иштерине жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз!

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген