Главная - Принятые постановления на дату 2024-12-27
Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясынын


21-август 2024-жыл. №42
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы С.Халиловдун Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келген атуулдарыбыз Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Колдошов Жээнбек Исламовичке, Кара-Мык Чек ара заставасынын начальниги Алайдинов Улукбек Алайдиновичке, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нышанбаев Болотбек Нуриллаевичке жана билим берүүнүн ардагери Калилов Кубанычбек Сүйүндуковичти Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:

1.Жекенди айыл  аймагынын  “Ардактуу атуулу”  наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын:

 

1. Колдошов Жээнбек Истамович                 -Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы

2.Алайдинов Улукбек Алайдинович             -Кара-Мык чек ара заставасынын начальниги

3.Нышанбаев Болотбек Нуриллаевич           -Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы

4.Калилов Кубанычбек Сүйүндүкович         -Билим берүүнүн ардагери

5.Мамражап уулу Медетбек                          -Чоң-Алай филиалдын жерге жайгаштыруу жана кадастрдык сүрөткө тартуу боюнча адиси

     

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрайымы  Ө.Абдрахмановага  жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    С. Халилов

Кара-Мык айылындагы бала бакчанын аянтына КТП курууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясынын


21-август 2024-жыл. №44
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кара-Мык айылындагы бала бакчанын аянтына КТП курууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылында жаңы курулган бала бакчага Самидинов Сагынбай Юнусалиевичтин макулдугу менен берилген 5-07-03-1002-0789 идентификациялык кодду менен катталган жеке менчик жеринин ичинен 0,01 га аянтына КТП курууга уруксат берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөт башчысы Б.Нышанбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу   Кара-Мык айылында жаңы  курулган бала бакчага   Самидинов Сагынбай Юнусалиевичтин 5-07-03-1002-0789 идентификациялык кодду менен катталган   жеке менчик жеринин ичинен  0,01 га аянтына  КТП  курууга уруксат берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана  жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү  боюнча башкы адиси А.Маматовго   милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    С. Халилов

Кара-Мык айылындагы клубдун жаңы имаратын курууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясынын


11-сентябрь 2024-жыл. №45
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кара-Мык айылындагы клубдун жаңы имаратын курууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Мык айылындагы клубдун жаңы имаратын курууга уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:

  1.  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин Кара-Мык   айылындагы  клубдун имаратын курууга   уруксат   берүү  жөнүндөгү сунушу  жактырылсын.
  2. Кара-Мык   айылындагы  клубдун имаратын курууга    уруксат   берилсин.
  3. Токтомду аткаруу  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Мурзапар  уулу Назириллого жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    С. Халилов

Жекенди айылындагы спортзалдын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн акча каражатын кароо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясынын


11-сентябрь 2024-жыл. №46
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылындагы спортзалдын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн акча каражатын кароо жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылындагы спортзалды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин Жекенди айылындагы спортзалды капиталдык оңдоодон  өткөрүү  үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо  жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
  2. Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы спортзалды капиталдык оңдоодон  өткөрүү үчүн 2025-жылдын  жергиликтүү бюджетинен  1 750 010 (бир миллион жети жүз элүү миң он)  сом  акча каражаты каралсын.
  3. Токтомду аткаруу  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Мурзапар  уулу Назириллого жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    С. Халилов

Шибээ айылындагы Кызыл-Жар көчөсүнө түнкү жарыктандырууну куруу үчүн акча каражатын кароо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясынын


11-сентябрь 2024-жыл. №47
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Шибээ айылындагы Кызыл-Жар көчөсүнө түнкү жарыктандырууну куруу үчүн акча каражатын кароо жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Шибээ айылындагы Кызыл-Жар көчөсүнө түнкү жарыктандырууну куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин Шибээ айылындагы  Кызыл-Жар көчөсүнө  түнкү  жарыктандырууну куруу   үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо  жөнүндөгү сунушу  жактырылсын.
  2. Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылындагы  Кызыл-Жар көчөсүнө түнкү жарыктандырууну куруу  үчүн 2025-жылдын  жергиликтүү бюджетинен   1 845 590 (бир миллион сегиз жүз кырк беш миң беш жүз токсон) сом  акча каражаты каралсын.
  3. Токтомду аткаруу  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Мурзапар  уулу Назириллого жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    С. Халилов

Кара-Тейит айылындагы Алыш-Сай көчөсүн асфальтоого уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясынын


11-сентябрь 2024-жыл. №48
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кара-Тейит айылындагы Алыш-Сай көчөсүн асфальтоого уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Тейит айылындагы Алыш-Сай көчөсүн асфальтоого уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин Кара-Тейит  айылындагы  Алыш-Сай  көчөсүн   асфальтоого уруксат берүү   жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
  2. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит  айылындагы  Алыш-Сай  көчөсүн   асфальтоого уруксат берилсин.
  3. Токтомду аткаруу  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Мурзапар  уулу Назириллого жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    С. Халилов

Кара-Мык айылындагы клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясынын


11-сентябрь 2024-жыл. №49
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кара-Мык айылындагы клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Мык айылындагы клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин Кара-Мык   айылындагы  клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди  МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого   уруксат   берүү  жөнүндөгү сунушу  жактырылсын.
  2. Кара-Мык   айылындагы  клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди  МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого   уруксат   берилсин.
  3. Токтомду аткаруу  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Мурзапар  уулу Назириллого жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    С. Халилов

“Береке” муниципалдык ишканасына экскавартор алууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясынын


11-сентябрь 2024-жыл. №50
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
“Береке” муниципалдык ишканасына экскавартор алууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин “Береке” муниципалдык ишканасына экскаватор алууга уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин “Береке” муниципалдык ишканасына экскаватор алууга  уруксат     берүү  жөнүндөгү сунушу  жактырылсын.
  2. Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу “Береке” муниципалдык ишканасына экскаватор алууга  уруксат  берилсин.
  3. Токтомду аткаруу  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Мурзапар  уулу Назириллого жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    С. Халилов

Жекенди айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Жекенди айылдык кеңешинин биринчи сессиясы


28-ноябрь 2024-жыл. №1
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын Жекенди айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:

1. Эсептөө комиссиясынын  Жекенди  айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

2. Жекенди  айылдык кеңештин төрагасына болуп Мурзапар уулу  Назирилло   шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Мурзапар уулу Н.


Жекенди  айылдык кенештин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3-протоколу

 

 

28.11.  2024-жыл                                                                           Кара-Мык    айылы

Катышышты:

Эсептөө комиссиясынын торагасы        -Убраимова Сабира

Эсептөө комиссиясынын катчысы        -Калыкова Сайкал

Эсептөө комиссиясынын мүчолорү      -Эшмаматов Бекмамат

                             Күн тартиби:

1.Жекенди  айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.

Эсептөө комиссиясынын төрайымы  Убраимова  Сабира   

күн тартиби,  Жекенди айылдык кенештин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.

Жекенди айылдык кенештин төрагасынын кызматына төмөндөгү  2 талапкерлер сунушталган  :

1. Зикир уулу Мухамаддыкан

2. Мурзапар уулу Назирилло

Жекенди  айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:

1. Жекенди айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны -21 (жыйырма бир)

2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны – 21(жыйырма бир)

3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны -20  (жыйырма)

4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны -20  (жыйырма)

5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны-20   (жыйырма)

6. Добуш берүү учүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма)

7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны- 20 (жыйырма)

8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны-20  (жыйырма)

 

Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны

1. Зикир уулу  Мухаммаддыкан -  3 (үч ) добуш.

2.  Мурзапар уулу Назирилло     -17  (он жети) добуш.

 

Жекенди  айылдык кенештин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы

чечти:

              1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча  депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан   Мурзапар уулу  Назирилло  Жекенди айылдык кенешинин  төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

              2. Бул протокол  Жекенди айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.

 

 

Эсептөө комиссиясынын төрайымы                                  С.Убраимова

 

Эсептөө комиссиясынын катчысы                                     С.Калыкова

 

Жекенди айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Жекенди айылдык кеңешинин биринчи сессиясы


28-ноябрь 2024-жыл. №2
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:

1. Эсептөө комиссиясынын  Жекенди  айылдык кеңештин төрагасыннын  орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.

2. Жекенди  айылдык кеңештин төрагасынын орун басары  болуп Жунусалиев  Кылычбек  Жанибекович  шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Мурзапар уулу Н.

 


Жекенди айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколу

28.11.2024-жыл                                                                                      Кара-Мык  айыл

Катышышты:

Эсептөө комиссиясынын төрагасы                                    С.Убраимова      

Эсептөө комиссиясынын катчысы                                      С.Калыкова

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү                                    Б.Эшмаматов

                             Күн тартиби:

          1.Жекенди  айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын төрагасы Убраимова Сабира  күн тартиби, Жекенди  айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.

Жекенди  айылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:

  1. Жаныбек уулу  Кылычбек

 

Жекенди  айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:

1. Жекенди   айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны -21(жыйырма бир)

2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны- 21 (жыйырма бир).

3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны-20 (жыйырма).

4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма).

5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны- 1 (бир).

6. Добуш берүү үчүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма)

7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма).

8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны- 0 .

Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны

1. Жаныбек уулу  Кылычбек - 20 ( жыйырма) добуш.

 

Жекенди  айылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы

чечти:

             1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча  депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан  Жаныбек  уулу  Кылычбек Жекенди  айылдык кенештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

           2. Бул протокол   Жекенди  айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы                                              С.Убраимова

Эсептөө комиссиясынын катчысы                                               С.Калыкова

 

Жекенди айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө

Жекенди айылдык кеңешинин биринчи сессиясы


28-ноябрь 2024-жыл. №3
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңешинин депутатарынын кезексиз сессиясы токтом кылат:

Жекенди  айылдык Кеңешинин  туруктуу комиссиялар төмөндөгүдөй  курамда түзүлсүн. 

      1.Агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын курамы:

1.Зикир уулу Мухамеддыйкан

2.Акылбеков Талант

3.Мээражова Айжаркын

4.Ирапбай уулу Адыл    

      2.  Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  курамы:                     

1.Садыбакасов Усөн

2.Эшмаматов Бекмамат

3.Кудайберди уулу Бердибек

4.Абдилатов Уланбек

5.Убраимова Сабира

     3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет,  Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инветиция,энергетика маселелери   боюнча комиссиясы:

1.Амирбеков Акматали

2.Исабеков Машрап

3.Бадиров Ысман

4.Абдукалилов Аклидин

5.Абдыганы кызы  Анаргүл

4.Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясы:

  1.Бакыбекова Бүсанам

  2. Асаева Гүлнара

  3. Матраимова Айкыз

  4. Калыкова Сайкал

  5.Нышанова Мээргүл                               

 

5. Ушул түзүлгөн комиссиянын иш  алып баруу  жагын көзөмөлдөө Жекенди айылдык  Кеңештин төрагасынын орун басары    Жаныбек уулу Кылычбекке    милдеттедирилсин.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Мурзапар уулу Н.

“КУЭТ” ААК филиалы Чоң-Алай РЭТ инин жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндө.

Жекенди айылдык кеңешинин биринчи сессиясы


28-ноябрь 2024-жыл. №4
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
“КУЭТ” ААК филиалы Чоң-Алай РЭТ инин жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндө.
Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Садыбакасовдун “КУЭТ” ААК филиалы Чоң-Алай РЭТ инин жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап токтом кылат:

  1. Жекенди  айылдык  аймагынын   социалдык-экономикалык   өнүгүүсүнө  зор  салымын  кошкондугу үчүн   “КУЭТ” ААК филиалы  Чоң-Алай  РЭТ инин  жетекчиси  Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке  Жекенди  айылдык  аймагынын  “Ардактуу  атуулу”  наамы  берилсин.
  2. Жекенди  айылдык аймагынын  “Ардактуу  атуулу”   төш  белгисин жана  лентасын даярдоо  жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы   Т.Жайчибековго  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы   У. Садыбакасовго  тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Мурзапар уулу Н.

Кыргыз Республикасында Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды аткаруу жөнүндө.

Жекенди айылдык кеңешинин биринчи сессиясы


28-ноябрь 2024-жыл. №5
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кыргыз Республикасында Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды аткаруу жөнүндө.
токтом кылат:

           1.Жекенди айылдык аймагында  жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын  өткөрүү күнү  7-декабрь  2024-жылы саат 10-00 гө  Кара-Мык айылындагы   Ленин  атындагы орто мектебинин жыйындар залында   өтүлө тургандыгы белгиленсин.

           2.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын жалпы саны   айыл аймактын  жашоочуларынын санына  жараша  жалпы  төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

 -айыл аймак  боюнча       50 өкүл

Айылдарга бөлүнүшү  боюнча:

-Кара-Мык айылына                          - 20 өкүл

-Кара-Тейит айылына                        - 9  өкүл

-Жекенди  айылына                            -10 өкүл

-Чулук айылына                                 - 5 өкүл

-Шибээ  айылына                               - 6 өкүл

          3.Жергиликтүү  коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү  жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги  1-тиркемеге  ылайык бекитилсин.

         4.Жергиликтүү  коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү  жыйындарын өткөрүүгө  жергиликтүү кеңештин жооптуу  депутаттардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык  бекитилсин.        

         5.Жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынды  уюштуруу  жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун  курамы  3-тиркемеге ылайык бекитилсин.             

         6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Садыбакасов Үсөнгө   жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    Мурзапар уулу Н.

                                                               Жекенди айылдык кеңешинин  № 4 28-ноябрь

                                             2024-жылдагы токтомуна № 1-тиркеме

 

Жергиликтүү  коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү 

жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги     

Айылдардын аталышы

 

Өткөрүү убактысы

Жыйындар өткөрүүлүчу жайы

Уюштуруу-

чулар

эскертме

1

Кара-Мык

5-декабрь саат 10-00 гө

Айыл өкмөттүн залы

Жооптуу кызматкерлер

 

2

Кара-Тейит

4-декабрь саат 10-00 гө

Ак-Суу орто мектебинин жыйындар залы

Жооптуу кызматкерлер

 

3

Жекенди

4-декабрь саат 11-00 гө

Борбордук мечитке

Жооптуу кызматкерлер

 

4

Чулук

5-декабрь саат 10-00 гө

С.Осмонов орто мектебинин жыйындар залы

Жооптуу кызматкерлер

 

5

Шибээ

4-декабрь

саат 10-00 гө

Борбордук мечит

Жооптуу кызматкерлер

 

 

 

Жекенди айылдык кеңешинин  № 4  28-сентябрь

                                             2024-жылдагы токтомуна № 2-тиркеме

 

Жергиликтүү  коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү  жыйындарын өткөрүүгө  жергиликтүү кеңештин жооптуу  депутаттардын тизмеси

 

 

А.А.А

айылы

  1.  

Абдукалилов Акылидин Абдикасымович 

Чулук

  1.  

Абдилатов Уланбек Султанович

Кара-Мык

  1.  

Абдыганы кызы Анаргүл

Шибээ

  1.  

Амирбеков Акматали Жапарович 

Кара-Тейит

  1.  

Асаева Гүлнара Султановна

Чулук

  1.  

Акылбеков Талантбек Кудайбердиевич

Кара-Мык

  1.  

Бадиров Ысман Байназарович

Жекенди

8

Бакыбекова Бүсанам Жунусовна

Кара-Мык

9

Жунусалиев Кылычбек Жанибекович

Жекенди

10

Зикир уулу Мухаммаддыкан

Шибээ

11

Ирапбай уулу Адыл

Кара-Тейит

12

Исабеков Машрап Шарапидинович

Кара-Мык

13

Калыкова Сайкал Исиражовна

Кара-Тейит

14

Кудайберди уулу Бердибек

Шибээ

15

Мурзапар уулу Назирилла

Кара-Мык

16

Мээражова Айжаркын Арпидиновна

Кара-Мык

17

Матраимова Айкыз Убраимовна

Жекенди

18

Нишанова Мээргүл Айнидиновна

Кара-Мык

19

Садыбакасов Үсөн Садыбакасович

Чулук

20

Убраимова Сабира Кутпидиновна

Жекенди

21

Эшмаматов Бекмамат Пазылидинович

Кара-Мык

 

Жекенди айылдык кеңешинин  № 4  28-ноябрь

                                             2024-жылдагы токтомуна № 3-тиркеме

 

 

 

Жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынды

уюштуруу  жана өткөрүү боюнча жумушчу

топтун  курамы

 

1.Мурзапар уулу  Назирилло                  - Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы  Жумушчу топтун   төрагасы

2.Г.Мурзакулова                                      - жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы

Мүчөлөр

3.А.Амирбеков                                         -Кара-Тейит айылынын депутаты

4.Ирапбай уулу А.                                   –Кара-Тейит айылынын депутаты

5.У.Абдилатов                                         -Кара-Мык айылынын депутаты

6.Т.Акылбеков                                        -Кара-Мык  айылынын депутаты

7.К.Жунусалиев                                      -Жекенди  айылынын депутаты

8.Ы.Бадиров                                            - Жекенди айылынын депутаты

9.А.Абдукалилов                                    -Чулук айылынын депутаты

10.Зикир уулу М.                                    -Шибээ айылынын депутаты

11.К.Колдошов                                        -айыл өкмөттун кызматкери

12.А.Маматкалык уулу                           -Чулук, Жекенди айылынын айыл башчысы

13.Эргешали уул К.                                 -Шибээ айылынын айыл башчысы

                                                                                                  

 

Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:                                     Г. Мурзакулова