1.Жекенди айылдык Кеңешинин төрагасына Халилов Сагынбек 11 (он бир) добуш менен бекитилди.
1.Жекенди айылдык аймагынын 2023-2027-жылдарга карата жарандарды турак-жай курууга жер участоктору менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн Программасы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Бекитилген Программаны аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаев жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Халилов Сагынбекке жүктөлсүн.
БЕКИТЕМИН
Жекенди айылдык Кеңешинин
«___»______________2024- жыл
№ ____ токтому
Кеңешинин
төрагасы ___________ С.Д.Халилов
Жекенди айыл аймагынын 2023-2027-жылдарга карата жарандарды турак жай курууга жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы
1. Киришүү
2. Программанын максаты жана милдеттери
3. Айыл тургундарынын жер участогу менен камсыз кылууну иликтөө
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизмдери
5. Күтүлүүчү натыйжалар.
1. Киришүү
Жекенди айыл аймагынын тургундарынын турак жай курууга жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы (мындан ары- Программа) Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (тарасформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодесинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгары укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга жана тейлөөгө берилет деп белгиленген.
Жекенди айыл аймагында жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлардүн саны 2-3 эсеге жеткен учурлар бар. Азыркы күндө кезекте турган жер участогуна муктаж жарандардын саны дээрлик 700 дөн ашык кишиге жетет.
Айыл өкмөтү, айылдык кенештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен жергиликтүү аймактардын шарттарын карап чыгып, турак жай куруу үчүн жер участогуна муктаж болгон жарандарга жер участогун бөлүп берүү иштери Программанын негизинде жүргүзүлүүсү бергиленген.
2. Программанын максаты жана милдеттери
Жекенди айыл аймагында жашаган жаңы курулган үй-бүлөлөрдү жана айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаштарды өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
1. Айылдагы турак жай курууга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо.
2. Турак жай курууга мутаж үй-бүлөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү.
3. Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянтарын аныктоо.
4. Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү.
3. Айыл тургундарын жер участогу менен камсыз кылууну иликтөө.
2023-2027-жылдар аралыгында жарандарга турак жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жерлер, Жекенди айыл аймагынын Чек жана Жекенди талаасы участкасынан № 1956, №1767 контурларында жайгашкан 37,7 га жайт жер аяттарынан түзөт.
Ошондуктан Жекенди айыл аймагынын жеке менчик турак жай курууга жер участокторун алууга кезекте турган тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобонун талаптарына ылайык иш жүрүнө ашыруу зарыл.
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизмдери.
Программаны иш жүзүнө ашыруу, “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мармартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобонун жана башка тийиштүү мыйзам актыларын талаптарына ылайык, тийиштүү кагаздарын топтомун, жерге жайгаштыруу көктөмөсү түзүп, Кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинини чечиминин тийиштүү долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилип, иш жүзүнө ашылылат.
Пландаштырылган жер аянтарын айыл чарба өндүрушундө пайдаланууга жараксыз абалда экендигин эске алуу менен аталган жер аяттарынын калктуу конушка жакын жайгашуусу инженердик коммуникацияларды, электр энергиясын берүү линияларын, суу түтүктөрүн, телефон линияларын тартууга, ошондой эле медициналык кызмат, мектеп, балдар бакчасы маселелерин чечүү мүнкүнчүлүктөрү бар экендигин аныктайт.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш чараларды кыйшаюсуз өз тартибинде аткарылуусу жакшы жыйынтыктарга алып келет.
Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш чараларды аткаруу менен сунушталып жаткан жер аянтарына кезекте турган муктаж жарандардын жеке менчик турак жай куруу укугуна ээ болуусу пайда болот. Бир үй-бүлөдө көп үй-бүлөлардүн жашап жатышы, үй куруп өздөрүнчө тиричилик кылууга багыт алуусу, жаш үй-бүлөлөрдүн арыздашуу жана ажырашуу маселелерин азайуусу, айыл аймагында кожолуктун, калктын сананын көбөйүүсү, жер салыктарын жана социалдык төлөмдөрдүн көп өлчөмдө топтолушу көздөгөн жетишкендиктерге алып келет. Мындан сырткары, көптөгөн социалдык маселелер чечилип, мыйзам чегинде жеңилдиктери бар болгон айыл тургундарынын мамлекетке болгон ишеничтерин бекемдейт, ден-соолугуна байланыштуу мүнкүнчүлуктөрү чектелген адамдардын жашоого болгон үмүтүн арттырууга, үй-бүлөлөрдө психологиялык абалды стабилдештирүүгө өбөлгө түзөт.
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Шоро участкасында жайыт эсебиндеги 0,20 га жер аянтын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Айдаке участкасына Билайн мобилдик байланышынын антенасын орнотууга уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.