Главная - Принятые постановления на дату 2024-06-06
Жекенди айылдык аймагында малдарды жазгы жана күзгү жайытка жайгаштыруу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын

13-май 2024-жыл. №20
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында малдарды жазгы жана күзгү жайытка жайгаштыруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

    1.Жекенди  айылдык аймагында 2024-жыл   жаздын эрте келип,  күн  жылуу болгондугуна  байланыштуу  элдерди  жайлоого  көчүрүү      20-майга  чейин,    жайлоодон  көчүп  түшүү 1-октябрдан кийинкиге     белгиленсин.

    2.Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевге жана  аппарат кызматкерлерине  милдеттендирилсин.

3.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө   алуу Жекенди айылдык кеңешинин  агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга   жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:     А.Токтобеков

Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы китепканага короо тазалоочу штатын бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын

13-май 2024-жыл. №21
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы китепканага короо тазалоочу штатын бекитүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Тейит айылындагы китепканага зарылчылыкка байланыштуу короо тазалоочу штатын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы токтом кылат:

1.Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Кара-Тейит айылындагы китепканага      короо  тазалоочу  штаты  бекитилсин.

                2.Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевге жана  башкы бухгалтери   Б.Акуновго  милдеттендирилсин.

                3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого  жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагында жарандарга салык өлчөмдөрүнөн жеңилдиктерди бекитип берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын

13-май 2024-жыл. №22
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында жарандарга салык өлчөмдөрүнөн жеңилдиктерди бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди берүү максатында Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесине ылайык 2024-жылга үй жанындагы короо жай, жер участоктору боюнча  салыктан 100 пайыздык чен менен  айыл аймактагы төмөндөгү белгиленген жарандарга жеңилдиктер берилсин:

-Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына,  мамлекеттер аралык  макулдашуулар боюнча Афганистиндагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭС индеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана  II топтогу майыптар

-кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мүчөлөрү, анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары

-жеке жак- пенсиялык куракка жеткен Кыргыз Республикасынын  жараны

-эрезеге жете элек 4 же андан ашык балдары бар жеке адамдарга

              2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрайымы  Султанова  Жайнага   тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын

13-май 2024-жыл. №23
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин № 01-18/352 30.05.2024-жылдагы Берк-Суу участкасында № 1655 контурундагы 0,20 га жайыт эсебиндеги жер аянтыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы токтом кылат:

             1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы Берк-Суу участкасында № 1655 контурундагы  жайыт эсебиндеги  0,20 га жер аянтын     “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

             2.Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

             3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө

айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын

13-май 2024-жыл. №24
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Мык айылындагы Бөрү токой участкасындагы № 1923 контурундагы 0,20 га жайыт эсебиндеги жер аянтыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы токтом кылат:

1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Бөрү токой  участкасындагы № 1923 контурундагы  жайыт эсебиндеги  0,20 га жер аянтын     “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

             2.Тийиштүү документтерди  бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

             3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын таза суусуна суу сактоочу кампа курууга уруксат берүү жөнүндө.

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясынын

13-май 2024-жыл. №25
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын таза суусуна суу сактоочу кампа курууга уруксат берүү жөнүндө.
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Шибээ айылынын таза суусу үчүн 0,25 га жер аянтына суу сактоочу кампа курууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы токтом кылат:

             1.Жекенди айылдык аймагына караштуу  Шибээ  айылын  таза суусу үчүн  0,25 га жер аянтына суу сактоочу кампа  курууга макулдук берилсин.

             2.Тийиштүү документтерди  бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.