Главная - Принятые постановления на дату 2024-05-14
Жекенди айылдык аймагынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №1
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши токтом кылат:

1.Жекенди айыл өкмөтүнүн   2024-жылга жергиликтүү  бюджети кирешелер боюнча 27287,6 (Жыйырма жети миллион эки жүз сексен жети мин алты жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 27287,6 (Жыйырма жети миллион эки жүз сексен жети мин алты жүз) сом суммасында  1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

             2.Жекенди айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги    көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй жактырылсын:

    1) 2025-жылга кирешелер боюнча болжол – 28618,2 (Жыйырма сегиз миллион алты жүз он сегиз мин эки жүз) сом суммасында, 2025-жылга -  28618,2 (Жыйырма сегиз миллион алты жүз он сегиз мин эки жүз) сом суммасында;

    2) 2026-жылга чыгымдар боюнча болжол – 30013,2 (Отуз миллион он үч мин эки жүз) сом суммасында, 2026-жылга – 30013,2 (Отуз миллион он үч мин эки жүз) сом суммасында;

             3.Жекенди айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин пландоо бюджети 349,0 (үч жүз кырк тогуз мин) сомго бекитилсин, шарттуу малдын саны 4653 бирдик, жайыт пайдалануу үчүн төлөм 75 сомго жактырылсын.

                   4.Корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

         5.Жекенди айыл өкмөтүнүн аппаратына  19 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат. Жекенди айылдык кенешинин катчысы 1 штат. Клубга 3 штаттык бирдик  каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 1 штат. Китепканаларга 6 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат

       6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Өнөр-жай, курулуш, транспорт,  соодо  байланыш,  инвестиция, энергетика  маселелери  жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясына   милдеттендирилип,  аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Б.Нышанбаевге  жана  финансы-экономика бөлүмүнүн   башчысы  С.Маматовго жүктөлсүн.

     7.Ушул Токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2024-жылдын 17-январынан тартып күчүнө кирет.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагында 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттен калган калдык 1016,8 сомду кароо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №2
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагында 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттен калган калдык 1016,8 сомду кароо жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши токтом кылат:

1.Жекенди айылдык аймагында 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттен калган 1016,8 сом калдык калганы белгиленсин.

                 2.Жекенди айылдык аймагында 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттен калган 1016,8  сом калдык 1-тиркемеге ылайык болуп бөлүштүрүлсүн.

                3.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С. Маматовго тапшырылсын.

                4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Музапар ууулу Назирулло жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагынын китепканалардын 2023-жылдагы аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №3
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын китепканалардын 2023-жылдагы аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө
Жекенди айылдык кенеши токтом кылат:

      1.Жекенди  айылдык аймагындагы китепканалардын аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

      2. Жекенди   айылдык  аймагындагы  китепканалардын иштерин мындан ары жандандыруу жагы  китепканачылар  А.Илязовага, А.Курбанбаевага,  А.Абуллаевге, С.Садыкбаевага  милдеттендирилсин.

       3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Социалдык жана маданий маселелер,  коммуналдык менчик,  маалымдуулук жана жаштардын  иштери  боюнча комиссиясынын төрайымы  Султанова  Жайнага   тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 30 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №4
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 30 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Чоң-Алай райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 9-январындагы № 2к-03-24 сандуу каршылык билдирүүсүн Жекенди айылдык кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябындагы  № 123                       “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө”  мыйзамынын  34-беренесинин 8-пункутуна ылайык  Жекенди  айылдык  кеңешинин  2023-жылдын       20-июлундагы  Жекенди айылдык аймагында жайлоодон эрте түшүп алып, эгин жайларга зыянын  тийгизген  мал ээлерине болгон штрафтык өлчөмдөрдү  бекитүү жөнундөгү  № 30 токтомун   жокко  чыгарылсын.

              2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Халилов  Сагынбекке  жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагынын 2024-2028-жылдарга өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №5
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын 2024-2028-жылдарга өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык кенеши токтом кылат:

      1.Жекенди  айылдык аймагынын    2024-2028-жылдарга толукталып  иштелип чыккан   өнүгүү  планы  алымча-кошумчасы  менен   бекитилсин.

      2. Жекенди   айылдык  аймагынын  социалдык-экономикалык  өнүгүүсүн   жана  айылдардын инфраструктурасын жогорулатуу,  калктын  турмуш тиричилик  абалын  жакшыртуу   максатында   иштелип чыккан өнүгүү  планынын аткарылышын ишке  ашыруу   жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн   башчысы  Б.Нишанбаевге  жана  аппарат  кызматкерлерине   милдеттендирилсин.

       3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай  курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика маселелери    боюнча комиссиянын  төрагасы  Тажакматов  Имамидинге  тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык кеңешинин Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №6
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин регалментин угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы токтом кылат:

              1.Жекенди айылдык кеңешинин Типтүү  регламенти алымча-кошумчасы менен  бекитилсин (регламент тиркелет)

              2.Типтүү  регламентке ылайык  иш алып баруу жагы  туруктуу комиссияларга  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагына атайын (экскаватор) техника алууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №7
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына атайын (экскаватор) техника алууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагынын элинин суроо талаптарын канаатандыруу максатында айыл өкмөттүн менчигине атайын (экскаватор) техника алуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин токтом кылат:

               1.Жекенди айыл өкмөтүнүн  менчигине  атайын (экскаватор) техника алуу  боюнча Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин сунушу жактырылсын.   

             2.Жекенди айыл өкмөтүнүн  менчигине  атайын (экскаватор) техника алууга уруксат берилсин.

              3. Атайын  (экскаватор)  техника  алуу  үчүн  акча каражаты менен камсыз кылып берүү жагы  Чоң-Алай өнүктүрүү фондунан суралсын.

              4.Жекенди  айылдык аймагына атайын (экскаватор)  техника алуу үчүн  долбоорун даярдап,  тийиштүү документтерин бүтүрүү  жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевге   милдеттендирилсин.

              5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Халилов  Сагынбекке  жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы Жекенди МЧББУ на кошумча копус курууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №8
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы Жекенди МЧББУ на кошумча копус курууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылындагы Жекенди МЧББУ на кошумча корпус курууга уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

            1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы  Жекенди МЧББУ на кошумча корпус курууга уруксат берүү  жөнүндөгү  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевдин   сунушу жактырылсын.

            2. Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы  Жекенди МЧББУ на кошумча корпус курууга уруксат берилсин.  

            3.Тийиштүү документтерди  бүтүрүү  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.     

           4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын

12-январь 2024-жыл. №9/а
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши токтом кылат:

    1.Жекенди  айылдык  Кеңешинин  иш планы  алымча-кошумчасы  менен  бекитилсин.

     2.  Айылдык  кеңештин  туруктуу  комиссияларына   жогорудагы  түзүлгөн  иш-чаралардын  өз  убагында  жана  сапаттуу  аткарылышын  камсыз  кылуу   жагы     милдеттендирилсин.

     3.Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөл  кылууну     Жекенди  айылдык кеңешинин төрагасынын  орун  басары  А.Токтобековго   милдеттендирилсин.                 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясынын

29-февраль 2024-жыл. №9
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы токтом кылат:

1.Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  Жекенди айылдык аймагына караштуу  бадал эсебиндеги    № 1923  контурундагы   0,50  га   жер аянтын,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу  (трансформациялоо)  тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү  тууралуу  токтомуна ылайык,  “Айыл чарба багытындагы бадалдуу  жерлер”  категориясында  турган  0,50  га бадалдуу   жер аянтынан  “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук  берүү  жөнүндөгү сунушу  жактырылсын.

             2. Жекенди айылдык аймагына караштуу  бадал эсебиндеги    № 1923  контурундагы   0,50  га   жер аянтын,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу  (трансформациялоо)  тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү  тууралуу  токтомуна ылайык,  “Айыл чарба багытындагы бадалдуу  жерлер”  категориясында  турган  0,50  га жер бадалдуу   жер аянтынан  “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

             3.Тийиштүү документтерди  бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

             4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагындагы негизги жана ички жолдордун абалын кароо

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын

25-март 2024-жыл. №10
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы негизги жана ички жолдордун абалын кароо
Жекенди айылдык Кеңеши токтом кылат:

    1.Жекенди  айылдык   аймагына караштуу негизги  жана  ички жолдордун  абалы канааттандырарлык экени белгиленсин.

     2. Жекенди айылдык  аймагына караштуу  негизги жана ички жолдордун  абалын кароо  жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.

     3.Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу    Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инветиция, энергетика маселелери   боюнча комиссиясынын төрагасы Тажакматов  Имамидинге тапшырылсын.           

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Береке” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын

25-март 2024-жыл. №11
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Береке” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабындагы № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административтик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы токтом кылат:

             1.Жекенди айыл өкмөтүнүн  жайыт комитети  менен  түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, жайыт комитенин мүлктөрүн жана документтерин  айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу жана   Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  29-декабрындагы  № 735  токтомуна  ылайык  “Береке”  муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы  Б.Н.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.

            2.Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  29-декабындагы  № 735  токтому менен бекитилген  убактылуу жобого  ылайык  иш алып баруу жагы   “Береке”  муниципалдык ишканасына    милдеттендирилсин.

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Халилов  Сагынбекке  жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылынын тургуну М.Калыковдун жеке менчик жерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын

25-март 2024-жыл. №12
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылынын тургуну М.Калыковдун жеке менчик жерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
токтом кылат:

            1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылынын  тургуну Калыков  Мамаражап Амитовичтин  5-07-03-1001-0608  кодду менен катталган жеке менчиктеги  1467,75 м.кв жер аянты  өзүнүн  арызынын негизинде  Жекенди айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

           2.Тийиштүү документтерди  бүтүрүү  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.     

           3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Халилов  Сагынбекке  жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Кара-Мык айылынын тургуну З.Амирбековдун жеке менчик жерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын

25-март 2024-жыл. №13
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кара-Мык айылынын тургуну З.Амирбековдун жеке менчик жерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык  айылынын   тургуну  Амирбеков  Зуур  Жапаровичтин   5-07-03-1002-0645 кодду менен катталган жеке менчиктеги  2314,0  м.кв жер аянты  өзүнүн  арызынын негизинде  Жекенди айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

           2.Тийиштүү документтерди  бүтүрүү  жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.     

           3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Халилов  Сагынбекке  жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын

25-март 2024-жыл. №14
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Жекенди айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясы токтом кылат:

1.Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу  Калкты  каттоо департаменти менен Жекенди айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн  келишими  бекитилсин.

             2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Халилов  Сагынбекке  жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын

25-март 2024-жыл. №15

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жекенди айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Жекенди айылдык токтом кылат:

          1. Жекенди айыл аймагынын  административтик  чек арасынын  схемалык картасы жана  ага тиркелген  чек  ара баяндамасына  макулдук берилбесин.

          2.Жекенди айылдык кеңешинин  төрагасы  А.Токтобековго  жана  Жекенди айыл өкмөтүнүн   башчысы   Б.Нышанбаевге   схемалык картага  кол койбоо жагы  тапшырылсын.

          3.Ушул токтомдун  көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик админситрациясына жөнөтүлсүн.

          4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын

27-апрель 2024-жыл. №17
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңешинин төрагасы жөнүндөгү маселени карап чыгып, Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз сессиясы токтом кылат:

               1.Жекенди айылдык Кеңешинин  төрагасына     Токтобеков  Амангелди Турганбаевич     17  (он жети)  добуш  менен  бекитилди.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын

27-апрель 2024-жыл. №17/а
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңешинин төрагасы орун басары жөнүндөгү маселени карап чыгып, Жекенди айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

1. Жекенди айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Чулук  шайлоо  округунун    депутаты   Абдукалилов  Аклидин  Абдукасымович       дайындалсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын

29-апрель 2024-жыл. №18
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жекенди айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши төмөндөгүдөй чечим кабыл алды: токтом кылат:

          1. Жекенди айыл аймагынын  административтик  чек арасынын  схемалык картасы жана  ага тиркелген  чек  ара баяндамасына  макулдук берилсин.

          2.Жекенди айылдык кеңешинин  төрагасы  А.Токтобековго  жана  Жекенди айыл өкмөтүнүн   башчысы   Б.Нышанбаевге   схемалык картага  кол коюу жагы  тапшырылсын.

          3.Ушул токтомдун  көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик админситрациясына жөнөтүлсүн.

          4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Токтобеков

Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 18 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясынын

30-апрель 2024-жыл. №19
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 18 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында
Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 18 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндөгү токтомуна Жекенди айыл аймагынын элинин макул эместиги угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

                1.Жекенди  айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 18  Кыргыз Республикасынын  айыл аймактарынын жана шаарларынын  деңгээлинде  пилоттук режимде  административтик аймактык  реформаны жүргүзүүнүн алкагында  Жекенди айылдык аймагынын  административдик чек арасынын  схемалык картасына макулдук берүү  жөнүндөгү  токтому жокко чыгарылсын.

               2.Жекенди айылдык кеңешинин  төрагасы  А.Токтобековго  жана  Жекенди айыл өкмөтүнүн   башчысы   Б.Нышанбаевге   схемалык картага  кол коюуга  уруксат берилбесин.

              3.Ушул токтомдун  көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик админситрациясына жөнөтүлсүн.

             4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Токтобеков

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын

26-апрель 2024-жыл. №16
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан Жекенди айыл аймагынын жаңыдан түзүлгөн административтик чек арасынын схемалык картасын жана ага тиркелген чек ара баяндамасы боюнча толук маалымат берүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын. 2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам. токтом кылат:

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов