Главная - Принятые постановления на дату 2023-10-27
Жекенди айылдык аймагынын аймагында  базарлардын  иштоосун тартипке  келтирүү жана  соода  түйүндөрүндөгү, ашканалардагы сатылып жаткан азык  түлүк  товарларынын  сапаты,  бааларын  жана  санитардык  абалын  кароо  жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №25
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагынын аймагында базарлардын иштоосун тартипке келтирүү жана соода түйүндөрүндөгү, ашканалардагы сатылып жаткан азык түлүк товарларынын сапаты, бааларын жана санитардык абалын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагынын аймагында  базарлардын  иштоосун  тартипке  келтирүү жана  соода  түйүндөрүндөгү, ашканалардагы   сатылып  жаткан азык  түлүк  товарларынын  сапаты,  бааларын  жана  санитардык  абалы  канааттандырарлык экени белгиленсин.
  2. Жекенди айылдык  аймагына караштуу  негизги жана ички жолдордун  абалын кароо  жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.
  3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу   мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы Сагынбек Халиловго тапшырылсын.  

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык аймагына караштуу электр тармактар ишканасынын  аткарган  иштери жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №26
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу электр тармактар ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу электр тармактар ишканасынын аткарып жаткан иштери канаатандырарлык экени белгиленсин.
  2.  Жекенди айылдык  аймагына караштуу электр тармагы боюнча маселелери чечүү жагы  Жекенди электр тармактар ишканасынын жетекчиси  Ж.Азимбаевге   милдеттендирилсин.
  3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы  Сагынбек  Халиловго тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди  айыл өкмөтүндө органикалык аймак түзүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №27
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүндө органикалык аймак түзүү жөнүндө
токтом кылат:

  1. Жекенди айыл  өкмөтүндө  Органикалык  айыл чарбасынын жана жараатылыш ресурстарын үнөмдөөчү  технологияларын жайылтуу,  жашоочуларына  экологиялык таза  азыктар менен камсыз  кылуу,  өндүрүлгөн органикалык  азыктарды  сатууга  өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык  абалын жакшыртуу  аркылуу айыл  жеринде  туруктуу  өнүгүүнү  камсыз кылуу максатында Жекенди  органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
  2. Органикалык аймакта  органикалык  айыл чарба  технологияларын жайылтуу, биопрепраттарды, энтомофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү,  кайра  иштетүү,  таңгактоо, сактоо,  сатуу стандарттары жана сертификатоо эрежелери  боюнча практикалык  жардамдарды  алуу  жана ошондой эле  мындан ары  органикалык  аймактагы  чарбалык  иштерди жандыруу  үчүн инвестиция тартууга Кыргыз  Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба  департаментинен  суралсын.
  3. Бул  токтомдун аткарылышы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевге жана  жер маселелери боюнча  башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айыл аймагында 35- 10 кВ өмөкчү чордонунун куруу үчүн 0,25 га жер аянтын бир категориядан экинчи     категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №28
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагында 35- 10 кВ өмөкчү чордонунун куруу үчүн 0,25 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө
токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагында  35-10 кВ  көмөкчү  чордонун курууга № 2058  контурундагы 0,25 га  жайыт  эсебиндеги  жер  аянтын   “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун   жана  башка ар түрдүү  багыттагы  жерлери  категориясына”  которууга  макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү  документтерди даярдоо жагы Жекенди  айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
  3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу    мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кеңештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы  Сагынбек  Халиловго     тапшырылсын.  

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди  айыл аймагында айыл чаба жерлеринин мамлекеттик  фондунун (ФПС) жерлеринин ижара акысынын тарифин  бекитүү  жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №29
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагында айыл чаба жерлеринин мамлекеттик фондунун (ФПС) жерлеринин ижара акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Жекенди  айыл аймагында  айыл чаба жерлеринин    мамлекеттик  фондунун (ФПС) жерлеринин ижара акысынын    тарифи  чөп чабынды  сугат айдоо жерлерге -1800 (бир миң сегиз жүз) сом,  ал эми кайрак жерлерге  900 (тогуз жүз) сом болуп бекитилсин.
  2. Токтомду аткарууга  алуу   жагы Жекенди  айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана ФЭБ нүн  башчысы С.Маматовго милдеттендирилсин.
  3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу    мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы  Сагынбек  Халиловго тапшырылсын.            

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айыл аймагында жайлоодон түшүп алып  каралбаган малдарга болгон штрафтык өлчөмдөрдү бекитүү  жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №30
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл аймагында жайлоодон түшүп алып каралбаган малдарга болгон штрафтык өлчөмдөрдү бекитүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айыл аймагында жайлоодон түшүп алып каралбаган малдарга болгон штрафтык өлчөмдү бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагында жайкы жайыттан эрте түшуп алган малдар үчүн  штраф  салуу боюнча сунуш канаатандырылсын.
  2. Жайкы жайыттан эрте түшуп алган  кара малга 1000 (миң) сом,  майда малга 500 (беш жүз) сом,  ал эми төөлөргө 2000 (эки миң) сом  өлчөмүндө штраф   жана  малды камаган мезгилде  ээси тарабынан  каралбай  өлүп   калган учурда айыл башчылар  жоопкерчиликке  тартылбай тургандыгы  белгиленсин.
  3. Токтомду аткарууга  алуу   жагы Жекенди  айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана  айыл башчыларга  М.Саитовго,  А.Мамасаитов, Айлонидин уулу Абдимажитка, Жакыпов Абдиллага  жана  Маматкалык уулу Алымкулга   милдеттендирилсин.
  4. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу    мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы  Сагынбек  Халиловго     тапшырылсын.    

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №31
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 4400 м аралыкты же жайыттын 2,64 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө № 145 мыйзамынын жана 2014-жылдын 19-марты №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби” жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык жеке ишкер К.Анапияевдин Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап токтом кылат:

  1. Жекенди  айыл кеңешинин 16-июнь   2022-жылдагы  № 28 токтомуна өзгөртүүлөр  киргизилсин.
  2. Чоң-Алай районуна караштуу  Жекенди айылдык аймагында  жайгашкан  Мукур  жайлоосунан Бел жайлоосуна  чейинки  4400 м  аралыкты  же  жайыттын   2,64 га   аянтын  “Турдумамат”  дыйкан чарбасынын     жер казынасынын көмүр кендерин  иштетүүдө  тейлөө  максатында  жол салуу үчүн  “Айыл чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынан  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын,  коргонуунун  жерлери  жана  башка багыттагы  жерлер” категориясына которууга  макулдук берилсин.
  3. .Жол салуу  учурунда   элге  келтирилген чыгымдарды  өз  убагында  калыбына  келтирүү   жагы  “Турдумамат”  дыйкан чарбасы  тарабынан    аткарууга  алынсын.
  4. Тийиштүү документтерди  даярдоо жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы  адис А.Маматовго   милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №32
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу участкасындагы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга уруксат берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 16.05.2023-жылдагы № 01-19/210 сунуш катын угуп жана талкуулап токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына  караштуу  Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу участкасындагы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун  жерлери жана  башка багыттагы  жерлер” категориясына которууга  макулдук берилсин.
  2.  Тийиштүү  документтерди даярдоо жагы Жекенди  айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
  3.  Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу    мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы  Сагынбек  Халиловго     тапшырылсын. 

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык  аймагына караштуу Кара-Мык МЧББУна видео көзөмөл орнотуу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын


20-июль 2023-жыл. №33
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык МЧББУна видео көзөмөл орнотуу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык МЧББУ нун көмөкчү чарбасынан бакчанын ичине видео көзөмөл орнотуу үчүн акча каражаты жетишпей жаткандыгына байланыштуу 2 ( эки ) баш бодо мал жумшоо үчүн макулдук берүү жагын сурап № 14 16.06.2023-жылдагы билдирүү катын угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кенеши токтом кылат:

  1. .Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык МЧББУна видео көзөмөл орнотуу үчүн көмөкчү чарбадагы 2(эки) баш бодо малды сатып жумшоого макулдук берилсин.
  2. .Жогорудагы  көрсөтүлгөн  видео көзөмөлдү орнотуу үчүн жумшалган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы  Кара-Мык МЧББУ нун жетекчиси Жайлообай кызы Умугүлсүнгө милдеттендирилсин  жана тийиштүү документтерине көзөмөл жүргүзүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  ФЭБ нүн башчысы  С.Маматовго  тапшырылсын.
  3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу    мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы  Сагынбек  Халиловго  тапшырылсын.  

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов

Жекенди айылдык кеңешинин 06.04. 2018 - жылдагы  №   13/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сессиясынын


29-сентябрь 2023-жыл. №39
Т О К Т О М

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин 06.04. 2018 - жылдагы № 13/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди талаасы жана Чек участкасындагы жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча чыккан 06.04.2018-жылдагы № 13/4 токтомун кайрадан карап чыгып, өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык кеңешинин 06.04.2018-жылдагы № 13/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевдин   сунушу жактырылсын.
  2. Жекенди айылдык  кеңешинин 06.04.2018-жылдагы № 13/4 токтомуна өзгөртүүлөр  киргизилсин.
  3. Жекенди айылдык  кеңешинин 06.04.2018-жылдагы № 13/4 токтомунун 2-пункутундагы Чек участкасындагы №1767 контурундагы таштуу жайыт эсебиндеги “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан  “Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилген  20 га таштуу жайыт жер аянты  17,70 га болуп өзгөртүлсүн.
  4. Чек участкасындагы №1767 контуруна   2,30 га жер аянты  “Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого)  ыңгайсыз болгондугуна байланыштуу  өзгөртүүсүз калтырылсын.           
  5. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы:    А. Абдукалилов