Главная - Объявления

Жекенди айыл өкмөтүнүн ички кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик муниципалдык кызматынын орундарына ачык конкурс жарыялайт

Административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1.1.Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, Финансылык,  экономика жана башкаруу, Бухгалтердик эсеп жана аудит,фундаменталдык  информатика жана экономика багытында

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын   Министирлер Кабинети жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

3.2. Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

3.3.Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1.1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим же орто кесиптик билим:

төмөндөгү багыттар боюнча: ветеринария, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багытындагы;

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

 - иш стажына талап коюлбайт;

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

1 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамы;, Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы;, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Айыл-чарбасы өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамы;, Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө”  Мыйзамы;жана ошондой эле тиешелүү Токтомдор/Жоболор.

өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү.

3.2. Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

3.3.Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын,

-резюмени (электрондук почтасын жана соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен көрсөтүү менен),

-сүрөтүн (4*6);

-паспорттун көчүрмөсүн;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимийдаража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

-сунуш каттарын (мүмкүн болушунча).

Талапкерлердин документтери массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап 10 (он) календарлык күн ичинде сынактык комиссия тарабынан төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.

Дареги:Кара-Мык айылы, Тилек Баатыр көчөсү 52, Жекенди айыл өкмөтүнүн мекемеси. Ал эми сынак өтө турган күн талапкерлерге алдын ала кошумча билдирилет.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш номерлер:

0770 34 80 12.

0779 25 80 80.

Эскертүү:

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматы так көрсөтүлүшү керек.