Негизги бет - 2024-08-26 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдардын Башкы планын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясынын

28.06.2024-жыл
Т О К Т О М У № 30

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдардын Башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агентигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жекенди айылдык аймагындагы Жекенди, Чулук, Шибээ, Кара-Мык жана Кара-Тейит айылдарынын Башкы пландарынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагындагы Жекенди, Чулук, Шибээ,  Кара-Мык жана  Кара-Тейит айылдарынын Башкы пландарынын долбоору  алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана  жер ресурстары  жана өсүмдүк өстүрүү  боюнча башкы адис  А.Маматовго  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

 

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл өкмөтүнун башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагындагы 230 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан сугат айдоо жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясынын

28.06.2024-жыл
Т О К Т О М У № 31

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнун башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагындагы 230 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан сугат айдоо жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформциялоого) уруксат берүү жөнүндө
токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагындагы  2003  контурундагы  141,53 га жайыт, 2004 контурундагы 79,35 га  жайыт, 2005 контурундагы 7,57 га жол,  2006 контурундагы  11,36 га таза жайыт, 2007 контурундагы 1,77 га  таза жайыт, 2062 контурундагы  62,59 га  таштуу жайыт, 2067 контурундагы 40,25 жайыт, 2068 контурундагы 9,63 га айдоо жайыт, 2069 контурундагы 2,22 га жайыт, 2070 контурундагы 226,83 га жайыт, 2093 контурундагы 54,07 га бадалдуу жайыт, 2096 контурундагы  24,74 га бадалдуу жайыт, 2098 контурундагы 45,33 га таштуу жайыт,  2099 контурундагы  1,29 га бадалдуу жайыт, 2100 контурундагы  14,40 га бадалдуу жайыт жерлери  сугат айдоо жерлеринин категориясына которууга уруксат берилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана  жер ресурстары  жана өсүмдүк өстүрүү  боюнча башкы адис  А.Маматовго  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

 

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Кылым паркын уюштуруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясынын

28.06.2024-жыл
Т О К Т О М У № 32

Кара-Мык айылы
Кылым паркын уюштуруу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин № 270 Жарлыгына ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн жүз жылдыгына арналган “Кылым паркын” түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин  Кыргыз Республикасынын Президентинин  № 270  Жарлыгына ылайык  Кара  Кыргыз  автономиялуу  облусунун түзүлгөнүнүн  жүз жылдыгына  арналган  “Кылым  паркын”  түзүүгө  макулдук берилсин.  
  2. Ушул түзүлгөн паркты уюштуруу,  ар түрдүү бак дарактардын көчөтүн тигүү жана айланасын тосуу,  көрктөндүрүү жана тийиштүү документтерди  бүтүрүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана   Жекенди айыл өкмөтүнүн  алдында түзүлгөн  “Береке”  муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аттокур уулу Мамбетке  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

 

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебине кирген көчөгө маркум Султанов Абайдилланын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясынын

05.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 33

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебине кирген көчөгө маркум Султанов Абайдилланын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылынын элине билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн маркум Султанов Абайдилланын ысымын Ленин атындагы орто мектебине кирген көчөгө ыйгаруу боюнча Ленин атындагы орто мектебинин жана ушул көчөнүн тургундарынын 2024-жылдын 20.06.2024-жылдагы кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын19-августундагы № 467 - токтомун 8-пункутуна ылайык жана Жекенди айылдык кеңештин Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Амирбековдун сунушун угуп жана талкуулап
токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык кеңештин  Өнөр-жай, курулуш, транспорт,  соодо  байланыш,  инвестиция, энергетика  маселелери  жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Амирбековдун   сунушу  жактырылсын.
  2. Кара-Мык айылындагы  Ленин атындагы орто мектебине  кирген  көчөгө   маркум Султанов Абайдилланын   ысымы  ыйгарылсын.
  3. Чоң-Алай райондук жерге  жайгаштыруу  жана  кыймылсыз  мүлкө  каттоо  башкармалыгынан  жана  Чоң-Алай  райондук шаар  куруу жана  архитектура  башкармалыгынан  тийиштүү  иш  кагаздарын  ушул  токтомго  ылайыкташтырып  иштеп  чыгуусу  суралсын.
  4. Көчөнүн  аталышынын  жазылышы  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарын  сактоо менен  илүүнү көчөнү  жарыктандырууну,  тазалыгын,  көрктөндүрүү,  жашылдандыруу  иштерин жүргүзүү  өз  каражатынын  эсебинен  камсыздоо  маркум  Султанов Абайдилланын   балдарын    милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрайымы  Ө. Абдрахмановага жүктөлсүн.

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагына караштуу Кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарына түзүлгөн келишимдердин мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясынын

05.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 34

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарына түзүлгөн келишимдердин мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл тургундарынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен ижарага алган келишимдеринин мөөнөтүн узартып берүү жөнүндөгү 01.08.2024-жылдын 01-13/1 сандуу арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлерин ижара берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү Типтүү Жобонун 85- пунктуна ылайык ижара пайдалануучулардын “Транс-Кыргыз-Газ Пайплайн Компании Лимитед ” жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы Филиалы менен түзүлгөн келишимдерди эске алуу менен
токтом кылат:

  1. .Жекенди айылдык аймагындагына караштуу мамлекеттик фондунун жерлерин  (КБФ) убактылуу  пайдаланууга алып, пайдаланып келген жарандардын жерлери  Кыргыз-Кытай газ түтүгүнүн линиясына  туура келип бирок компансация алуу үчүн  ижири келишимдеринин мөөнөттөрү бүткөндүктөн  ижара келишимдеринин мөөнөттөрун аукционго койбостон убактылуу пайдаланып келген жарандарга түз берүү жолу менен узартып берүүгө  макулдук берилсин.
  2.  Жарандардын ижара келишимдерин түз берүү жолу менен узартып берүүгө жана жарандардын социалдык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз-Кытай-Пайплайн  Лимитед компаниясы тарабынан төлөнө турган компенсацияны жарандарга алып берүүгө жакындан көмөк көрсөтүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер комиссиясынан жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы М.Шамыркановдон суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.

 

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагындагы ветеринардык кызматкерлерге УЗИ аппаратын алып берүүгө уруксат берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясынын

05.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 35

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы ветеринардык кызматкерлерге УЗИ аппаратын алып берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагындагы мал жандыктарынын оорууларын аныктоо максатында ветеринардык кызматкерлерге ветеринардык УЗИ алып берүү үчүн уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүндө ветеринардык кызматкерлерге ветеринардык  УЗИ  аппаратын алып берүүгө уруксат  берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.

 

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагындагы таштанды таштоочу жайдын ПСД сын даярдоого уруксат берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясынын

05.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 36

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы таштанды таштоочу жайдын ПСД сын даярдоого уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагындагы таштанды таштоочу жайдын тийиштүү документтерин даярдоо үчүн уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап
токтом кылат:

  1. Жекенди  айылдык аймагындагы таштанды таштоочу  жайдын  ПСД сын даярдоого уруксат  берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.

 

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын

21.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 37

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
токтом кылат:

  1. Жекенди айыл  өкмөтүнүн  2024-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 15 091,2  миң сомго, бюджеттин  чыгаша бөлүгү 15 302,3 миң сомго же  104,5 % аткарылгандыгы жактырылсын.
  2. .Жекенди айыл өкмөтүнүн  2024-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айыл өкмөттүн башчысы  Б.Нышанбаевдин аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Мурзапар  уулу Назириллого,   аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевге  жана  башкы бухгалтер  Б.Акуновго  жүктөлсүн.

 

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын

21.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 38

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
токтом кылат:

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү 1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
  2. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевге  жана  башкы бухгалтер  Б.Акуновго  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  бюджет  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Мурзапар  уулу Назириллого жүктөлсүн.

 

Төрага:    С. Халилов

БЕКИТЕМИН

                                                                             Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы  ______________С.Халилов

 

 

Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын  №  38 токтомуна тиркеме

 

 

Мекеменин аталышы

 

Эмне үчүн

статьясы

суммасы

 

 

1

ЖКХ

Бала бакчалардын жана мектептердин ПСД сы үчүн

2215

500 000

 

ЖКХ

Бала бакчалардын

техпаспорту үчүн

2215

100 000

 

ЖКХ

Технадзордун кызматы үчүн

2215

47 900

 

Жалпы

 

 

647 900

 

 

 

 

 

 

Баары

 

 

647 900

 

 

 

 

 

 

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы                                                         Б.Нышанбаев

 

 

Башкы бухгалтер                                                                                         Б.Акунов

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык аймагына караштуу Достук жана Ак-Чөп жаңы конуштарына айыл статусун алып берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын

21.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 39

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагына караштуу Достук жана Ак-Чөп жаңы конуштарына айыл статусун алып берүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Достук жана Ак-Чөп жаңы конуштарына айыл макамын алып берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин билдирүүсүнө ылайык конушуна айыл макамын берүү жөнүндөгү кайрылууларын канааттандыруу максатында айылдык Кенешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 65 Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу Мыйзамынын 12-беренесине ылайык
токтом кылат:

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу  Достук  жана  Ак-Чөп жаңы  конуштарына  айыл макамын берүү жөнүндөгү конуштун жашоочуларынын кайрылуулары канааттандырылсын.
  2. Жекенди айылдык аймагындагы  Достук жана Ак-Чөп жаңы конуштарына  айыл макамын алып берүү  жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан   сунушталсын.
  3. Айыл макамын алуу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.
  4. Бул Токтомду КРнын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кенештин жоопту катчысына жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрайымы  Ө.Абдрахмановага  жүктөлсүн.

 

Төрага:    С. Халилов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 492-беренесине ылайык иш алып баруу үчүн Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузууларды кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча комиссиянын курамын жана Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитип берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын

21.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 40

Кара-Мык айылы
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 492-беренесине ылайык иш алып баруу үчүн Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузууларды кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча комиссиянын курамын жана Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 492-беренесине ылайык иш алып баруу үчүн Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузууларды кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча комиссиянын курамын жана Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитип берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнун башчысы Б.Нышанбаедин № 01-18/742 15.08.2024-жылдагы өтүнүч катыны угуп жана талкуулап
токтом кылат:

  1. Кыргыз  Республикасынын “Укук бузуулар  жөнүндө кодексинин”  492-беренесине ылайык иш алып баруу үчүн Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузууларды кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча комиссиянын курамын жана Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу бекитилсин  (тиркеме тиркелет).
  2. Токтомдун аткарууга алуу жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрайымы  Ө.Абдрахмановага  жүктөлсүн.

Төрага:    С. Халилов

Тиркеме №1

Жекенди айылдык

кеңешинин

№ ____ токтомуна

"____" ____ 2024-ж

 

Жекенди айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясы жөнүндө Жобо

 

1. Жалпы мазмуну

 

1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Кодекс) ылайык Жекенди айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана ишинин тартибин аныктайт.

2. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;

- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.

3. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат, анын сандык жана жеке курамы Жекенди айылдык Кеңешинин   чечими менен бекитилет.

     4.Комиссиялардын ишмердүүлүгү мыйзамдуулуктун, мыйзам алдында теңдиктин, күнөөсүздүк презумпциясынын, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушунун, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизделет.

     5.Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексин, башка укук- ченемдик актыларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 24-жылдын 2023-январындагы №35токтому менен бекитилген укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү Жобону жетекчиликке алат.

 

2. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана токтотуунун тартиби

6. Жекенди айыл өкмөтүнүн өзүнүн чечими менен укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кодексте каралган учурларда жаза колдонууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт. Жекенди айылдык Кеңеши укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссияны түзөт.

7. Комиссия өзүнүн ишкердик, жеке жана адеп-ахлактык сапаттары, ден-соолугунун абалы боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Жекенди айыл өкмөтүнүн муниципалдык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын кызматчыларынын (кызматкерлеринин),  ичинен түзүлөт.

8. Комиссия 3төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт, анын курамына Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү, катчысы кирет жана Жекенди айыл өкмөтүнүн жетекчилери жана кызматкерлеринен (кызматчылары) кирет.

9. Жекенди айыл өкмөтүнүн Комиссиясынын курамына төмөнкүлөр кирет:

- муниципалдык кызматчылар;

- аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

10. Төмөнкү адам Комиссиянын мүчөсү боло албайт:

- ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) акталбаган (реабилитацияланбаган) негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;

- ден-соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган.

11. Комиссиянын ыйгарым укуктары Жекенди айылдык кеңеши тарабынан Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.

12. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Жекенди айылдык кеңеши тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

- Комиссиянын мүчөсү - кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;

- Комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;

- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузган жосун жасаганда;

- Комиссиянын мүчөсү каза болгондо;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алганда;

- мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;

- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчы бошотулганда, ротацияланганда (которуу же ордунан жылдыруу).

13. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бекитилет.

14. Комиссиянын ыйгарым укуктары, Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда Жекенди айылдык кеңеши тарабынан токтотулушу мүмкүн.

15. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурунку курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен түзүлөт.

16. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган Комиссиянын мүчөсү, эгерде ал төмөнкүдөй болгон учурларда аны карай албайт:

- укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;

- иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурлар Комиссиянын төрагасынын жана мүчөсүнүн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.

 

3. Комиссиянын ишинин тартиби

17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодекске ылайык аныкталат.

18. Комиссия милдеттерди ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

- каралып жаткан иш боюнча зарыл болгон документтерди тараптардан талап кылууга;

- зарыл документтер берилгенге чейин же аларды кошумча изилдөө үчүн чечим кабыл алууну кийинкиге калтырууга;

- маселелерди өтүнмө ээсинин катышуусунда кароого;

- ишти ар тараптуу кароо үчүн адистерди тартууга;

- берилген маалыматтарды ырастоо үчүн тиешелүү уюмдардан жана мамлекеттик органдардан зарыл документтерди суроого.

19. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди жана ага тиркелген материалдарды жыйналыштарда карайт. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша (материалдардын келип түшкөндүгүнө жараша) өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.

20. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечимдерди кабыл алуу жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен ашыгы катышса, өттү деп эсептелет. Ошол эле учурда Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйналыштарда аудио жана/же видео жазуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.

21. Добуш берүүдө Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Комиссиянын чечимин сырттан добуш берүү менен кабыл алууга жол берилбейт.

22. Комиссиянын катчысы чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө укугу жок.

23 Чечимди кабыл алуу жөнүндө добуш берүүдө добуштардын саны бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасы же төраганын милдеттерин аткаруучу чечүүчү добушка ээ.

24. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди Кодекстин 535-беренесинде аныкталган мөөнөттөрдү сактоо менен карайт.

25. Укук бузуулар жөнүндө иштер иштин материалдары Комиссияга келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүк мөөнөттө каралат.

26. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жеке жак укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жеке өзү катышат, ал эми юридикалык жак Кодексте каралган учурларды кошпогондо, өкүлү аркылуу катышат.

27. Эгерде ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө талаптагыдай кабарланган шартта, иш каралып жаткан жерге ал эки жолудан ашык келбесе, укук бузуулар жөнүндө иш үчүн жоопкерчиликке тартылган адам же анын мыйзамдуу өкүлү, жактоочусу жок каралышы мүмкүн.

28. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүчтөр келип түшкөн учурда же иш боюнча жагдайларды кошумча тактоо зарыл болгондо ишти кароону он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.

29. Комиссия каралып жаткан иште укук бузуунун башка белгилерин аныктаган учурда, укук бузуулар жөнүндө иш Кодекстин 506-беренесине ылайык каралат.

30. Каралып жаткан иште Комиссия тарабынан кылмыштын белгилери аныкталса, укук бузуулар жөнүндө иш Кодекстин 516-беренесине ылайык андан ары кароо үчүн прокурорго же ведомствого караштуулугу боюнча тергөө органына өткөрүп берилет.

31. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо убагында Кодекстин 538-беренесине ылайык Комиссиянын жыйналышынын протоколу жүргүзүлөт.

32. Комиссиянын жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- Комиссиянын жыйналышынын датасы жана орду;

- Комиссиянын курамы;

- кандай иш каралып жаткандыгы;

- ишти кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө маалыматтар;

- баш тартуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;

- ишти кароого катышкан тиешелүү адамдардын түшүнүктөрү, көрсөтмөлөрү, түшүндүрмөлөрү жана корутундулары;

- ишти кароодо изилденген документтер.

33. Протоколго Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышынын катчысы кол коет.

34. Комиссия тарабынан кабыл алынган документтер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобого ылайык таризделет.

35. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо Комиссия төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;

2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды талап кылуу, экспертиза дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону кийинкиге жылдыруу жөнүндө;

4) ыйгарым укук берилбеген адамдар тарабынан протокол түзүлгөн жана иштин башка материалдары таризделген, туура эмес протокол түзүлгөн/токтом чыгарылган жана иштин башка материалдары таризделген же болбосо ишти кароодо ордун толтуруу мүмкүн болбогон берилген материалдар толук эмес болгон учурларда укук бузуулар жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын ыйгарым укуктуу органга, анын өкүлүнө же протоколду/токтомду түзгөн кызмат адамына кайтарып берүү жөнүндө;

5) эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуулар жөнүндө протоколду/токтомду жана иштин башка материалдарын ведомствого караштуулугу боюнча үч жумуш күндүн ичинде кароо үчүн өткөрүп берүү жөнүндө;

6) Кодекстин 532-беренесинде каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө;

7) Кодекстин 508-беренесинде каралган жагдайлар болгондо укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө;

8) Кодекстин 510-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

36. Ушул Жобонун 35-пунктунун 1-6-пунктчаларында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.

37. Ушул Жобонун 35-пунктунун 7, 8-пунктчаларында каралган чечимдер токтом түрүндө чыгарылат.

38. Комиссия укук бузуулар жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

- өндүрүп алуу жөнүндө токтом;

- иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом;

- туум кошуп эсептөө жөнүндө токтом.

39. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (АМТ) киргизилет.

40. Токтом ишти кароо аяктагандан кийин токтоосуз жарыяланат. Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабырлануучуга тапшырылат же жөнөтүлөт, же болбосо почта же башка байланыш каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт. Токтомдун көчүрмөсү тил кат аркылуу тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсө, ишке тиешелүү жазуу жаздырылат.

41. Комиссия туум кошуп эсептөө жөнүндө токтомду чыгарган учурда аны Кодекстин 568-беренесинин талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сот аткаруучусуна жөнөтөт.

42. Комиссиянын укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.

 

4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

43. Комиссиянын ишин Комиссиянын төрагасы уюштурат.

44. Комиссиянын мүчөлөрү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо бирдей укуктарга ээ.

45. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Комиссия тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга;

- укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча далилдерди изилдөөгө жана баалоого катышууга;

- Комиссиянын чечимдерин чыгарууда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин жоболорун сактоого;

- укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколуна кол коюуга.

46. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

- укук бузуулар жөнүндө ишти кароого катышкан адамдарга суроолорду берүүгө;

- укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган жана чыгарылган чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адамдар аткарат.

47. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Комиссиянын ишин пландоого, уюштурууга жана жетектөөнү жүзөгө ашырууга;

- Комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылууга;

- Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитүүгө;

- Комиссия чыгарган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, ошондой эле Комиссиянын ишине тиешелүү башка документтерге кол коюуга;

- Комиссиянын ишине контролду жүзөгө ашырууга.

48. Комиссиянын төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:

- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан (ишеним катсыз) иш алып барууга жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен өз ара аракеттенип анын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга;

- Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

Комиссиянын төрагасы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.

49. Комиссиянын катчысы:

- укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону уюштурат;

- өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги алдында жүзөгө ашырат;

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык Комиссия тарабынан чыгарылуучу жана кабыл алынуучу укук бузуулар жөнүндө протоколдорду, токтомдорду жана аныктамаларды даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

- Комиссиянын мүчөлөрүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө белгиленген тартипте билдирет, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;

- Комиссия тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун протоколун жүргүзөт жана ага кол коёт;

- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын көчүрмөлөрүн белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү жактарга берүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат;

- Кодекстин 55-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссия тарабынан кароонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизет;

- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана алардын сакталышын камсыз кылат;

- Комиссиянын ишине байланышкан статистикалык отчеттуулукту жана маалыматтык-маалымдама иштерин жүргүзөт;

- башка милдеттерди ушул Жобого жана Кодекске ылайык аткарат.

Комиссиянын катчысы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.

50. Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана катчысы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга төмөнкү учурларда укуксуз, эгерде алар:

- укук бузуу үчүн жоопко тартылган адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун, өкүлдүн, адвокаттын, ошондой эле күбөнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болсо,

- укук бузуулар жөнүндө иштин чечилишине жеке, түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.

 

5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

51. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчиликти Комиссиянын төрагасы жүзөгө ашырат, ал анын абалы үчүн жоопкерчилик тартат.

52. Эсепке алуу журналынын сакталышы, жазуулардын өз убагында киргизилиши жана аларда камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн Комиссиянын катчысы жоопкерчилик тартат.

53. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына зарыл документтерди жөнөтүүнү Комиссиянын катчысы жүргүзөт.

54. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароого белгиленген датадан кийинки күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүүгө тийиш. Жөнөтүлгөн кабарлама дарек ээсине жеткирилбеген учурда Комиссиянын катчысы анын жеткирилбей калган себептерин дароо аныктап, бул жөнүндө Комиссиянын төрагасына билдирүүгө жана анын көрсөтмөсү боюнча Кодекстин талаптарына ылайык кабарламаны берүүнү камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

55. Комиссиянын катчысы тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди хронологиялык тартипте жалпылоо камсыз кылынат:

- укук бузуулар жөнүндө протокол жана иш боюнча башка материалдар;

- жыйналыштын жүрүшүндө келип түшүү тартибинде ишке тиркелген документтер;

- Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышынын катчысы кол койгон укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколу;

- Комиссиянын жыйналышында ишти кароонун жыйынтыгы боюнча чыгарылган аныктамалар, токтомдор. Документтер делого алардын тексти толугу менен көрүнүп тургандай көктөлөт.

56. Комиссия караган укук бузуулар жөнүндө иштер катталууга тийиш. Укук бузуулар жөнүндө иштин номери каттоо журналы боюнча иштин катар номерин жана келип түшкөн жылын камтыйт.

57. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары укук бузуулар жөнүндө каралган иштер боюнча маалыматтарды Комиссия менен кварталына бир жолудан кем эмес салыштырып текшерет.

58. Комиссия төмөнкүдөй эсепке алуу журналдарын жүргүзөт:

- укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы (1-тиркеме);

- укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (2-тиркеме).

59. Журналдар номерленип, көктөлүп, мөөр менен бекитилүүгө тийиш, эсепке алуу журналындагы жазуулар көк же кызгылт көк түстөгү сыя (паста) менен түшүнүктүү жазылат.

60. Журналдарды сактоо мөөнөтү - 3 жыл. Укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү - 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар тизме боюнча архивге тапшырылат.

61. Эсепке алуу журналы ички колдонуудагы документтер болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз уюмдарга, жеке же кызмат адамдарына өткөрүп берилиши же берилиши мүмкүн эмес.

 

6. Корутунду жоболор

62. Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого Жекенди айыл өкмөтүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 


 

Тиркеме №2

Жекенди айылдык

кеңешинин

№ ____ токтомуна

"____" ____ 2024-ж

 

Жекенди айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө
иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын
сандык жана персоналдык курамы

 

               Б.Нышанбаев-           Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;

Р.Токтоматов-              юрист-социалдык иштер боюнча башкы адис, комиссиянын катчысы.

 

Мүчөлөрү:

            Ж.Кожобеков-          башчынын орун басары-жооптуу катчы;

            А.Маматов-               жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис;

          Ж.Садыкбаев-           коомдук коопсуздук боюнча жетектөөчү адис.   

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чон-Алай району
Жекенди айылдык Кеңеши

Жекенди айылдык кеңешинин 28-декабрь 2023-жылдагы Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
Жекендинсий айыльный Кенеш


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын

21.08.2024-жыл
Т О К Т О М У № 41

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин 28-декабрь 2023-жылдагы Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин № 01-19/16 11.12 2023-жылдагы Жекенди айылдык аймагына караштуу “Чек” участкасынан № 1767 контурунан 17,7 га “таза жайыт” жана “Жекенди талаасы” участкасынан № 1956 контурнан 20,0 га “таштуу жайыт” жерлерини, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясында турган жалпы 37,7 га жайыт жер аянтын турак-жай куруу үчүн “Калктуу конуш (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы
токтом кылат:

  1. .Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин № 01-19/16 11.12 2023-жылдагы   Жекенди айылдык аймагына караштуу  “Чек”  участкасынан  № 1767  контурунан 17,7  га  “таза жайыт”  жана  “Жекенди талаасы”  участкасынан  № 1956 контурнан 20,0 га   “таштуу жайыт”  жерлерини,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-мартындагы  Жер участогун которуу  (трансформациялоо)  тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү  тууралуу  токтомуна ылайык,  “Айыл чарба багытындагы жерлер”  категориясында  турган жалпы  37,7  га жайыт  жер аянтына  турак жай куруу үчүн  “Калктуу конуш  (шаар тибиндеги  поселоктордун жана айылдык  калктуу конуштардын)  жерлери”  категориясына которууга  (трансформациялоого)  макулдук  берилсин.
  2. Тийиштүү документтерди  бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин агрардык маселелер,  азык-түлүк  жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Эшовго  тапшырылсын.

 

Төрага:    С. Халилов